Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:56

Башкы прокуратура Коргоо министрлиги боюнча кылмыш ишин козгоду


Башкы прокуратуранын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Башкы прокуратура Коргоо министрлигинин №20636 аскердик бөлүгүндө мүлктү кызмат абалынан пайдалануу менен ээлеп алгандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, аскердик бөлүктүн жетекчилиги 2006-жылы ГАЗ-66, Камаз, Урал автоунааларын эскирди деген себеп менен тизмеден чыгарып саткан. Анын натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG