Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Башкы прокуратура Р.Жээнбековго каршы кылмыш ишин козгоду


Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин мурунку төрагасы Равшан Жээнбековго жана анын кол алдындагы башка жооптуу кызматтагы кишилерге каршы кылмыш иши козголду. Аларга Мамлекеттик мүлк комитетинин имаратын оңдоодо кеткен чыгымды ашырып жиберген деген айып коюлууда. Тергөөнүн маалыматы боюнча, андан мамлекетке 6 миллион сом зыян келтирилген.Тергөө иштери жүрүп жатат. Равшан Жээнбеков учурда АКШда. Ал оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG