Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Бейшембиде Брюсселде Еврошаркеттин саммити башталууда. Климаттын өзгөрүшүнө жана кризиске каршы күрөшүү - эки күндүк жыйындын күн тартибиндеги маселе.

Глобалдык экономикадагы кризистен улам Еврошаркет өлкөлөрү алдында азыр булганыч газдарды кыскартуунун экономикалык жүгүн өз ара кантип бөлүшүүнү макулдашуу милдети турат.

Булганыч газдардын эң ири бөлүүчүсү деп эсептелген ондуктун ичинен Еврошаркет АКШдан кийинки экинчи орунда. Бейшемиде башталган саммитте Еврошаркеттин лидерлери "20-20-20" деп аталган планды талкууламакчы.

Ага ылайык Еврошаркет өз ичинде булганыч газдардын бөлүнүшүн 2020-жылга карата 1990-жылдын деңгээлинен 20%га кыскартуусу, ага катар энергия боюнча жалпы керектөөсүнүн 20%ын калыбына келип туруучу булактардан алуусу керек. Ушундай милдеттеме аларын Еврошаркет 2007-жылы эле жарыялаган. Эгер эми милдеттеме Еврошаркеттин өкмөттөрү ортосунда биротоло макулдашылып калса, мыйзамдык күчкө ээ болуш үчүн Европарламентте да жактырылуусу талап кылынат.

Бирок дүйнөлүк каржы кризисин коштогон экономикалык төмөндөө айтылып калган милдеттенмени аткарууга киришүүнү кыйындатып жаткандай. Анткени булганыч газдарды кыскартуу өндүрүштү азайтуу, өндүрштү азайтуу жумушчу орундарын азайтуу дегенди туюндурат.

Маселен Чыгыш Европанын Польша, Чехия баштаган өлкөлөрү азыр алардын анча өнүкпөгөн, казып алынма отунга таянган экономикасына кошумча басым жасай турган учур эмес деп эсептешет. Жумушчу орундардын кыскаруусуна алып келүүчү макулдашууларга Германия жана Италия да каршыдай өңдөнөт.

Ал эми шаркеттин учурдагы төрагасы Франция жана башка өлкөлөр, уюмдун аткаруучу органы – Еврокомиссия 2007-жылы айтылган милдеттебеден тайбоо керек деген турумда.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо ушул шейшемби күнү эле Брюсселдеги маалымат жыйында жүйөлүү көйгөйлөр боюнча ийкемдүүлүк болорун, бирок "20-20-20" планында каралган максаттар "кол тийгис" экенин, "талашып-тартышууга" жатпасын белгиледи.

Ал эми британ премьер-министри Гордон Браундун айтымында, энергияга карата сарамжылдуулук узак мөөнөттөн алганда Европага пайда гана алып келет:

- Санариптүү, көмүртеги аз, айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген, кеспикөйлүгү жогору Европа - биз азыркы дүйнөнүн көйгөйлөрүнө туш келип жатканда, биз азыркы төмөндөөнү (экономикадагы) баштан кечирип жатканда, келечекке план түзүүдө, менимче, биз алдыга чыгара турган нерсе.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чаралары боюнча мунаса келишимге жетишүү үчүн акыркы апталарда Еврошаркет өлкөлөрүнүн Брюсселдеги элчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүп келди. Анткен менен "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын билдиргенине караганда, дипломаттар келишим мөөргө жеткенче али татаал сүйлөшүүлөр талап кылынарын белгилешүүдө.

Саммитте экономикалык кризис да талкууланат. Өткөн аптада Еврокомиссия шаркеттин экономикасын стимулдаштыруу үчүн 200 миллиард евро ажыратуу планын сунуш кылды. Бул акча шаркеттин Улуттук дүң өндүрүшүнүн 1,5%на барабар. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросо шаркетке кирген өлкөлөрдүн лидерлери бул сунушту колдойт деген ишенимде:

- Мен Европанын экономикасын калыбына келтирүү үчүн Еврокомиссия сунуш кылган планга кеңири колдоо бар экенин көргөнүмө сыймыктанам. Ушул аптада Европанын лидерлери, Европа кеңеши биз сунуш кылынган планды колдойт деп үмүттөнөм.

Анткен менен шаркеттин ичинде Еврокомиссия сунуш кылган планга скептикалык маанай менен карагандар да бар. Маселен Германия экономиканы стимулдаштыруу үчүн Еврокомиссия сунуш кылгандай ири өлчөмдө акча сарпталышына кубанычта эмес. Мунун бир жүйөөсү ал Еврошаркеттин эң калктуу өлкөсү катары сунуш кылынып жаткан 200 миллиард евронун 20%ын чыгаруусу керектигине байланыштуу.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG