Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

Ю.Гагариндин отчету аукциондо сатылат


Ю.Гагарин өзү 34 жашында авиакырсыктан көз жумган
Ю.Гагарин өзү 34 жашында авиакырсыктан көз жумган

Бүгүн Нью-Йорктогу аукциондо СССРдин космос программасынын тарыхый документтери сатылат. Анын ичинде космонавт Юрий Гагариндин жеке отчету да бар. Документтер 1 млн.доллардан кымбатка кетээри күтүлүүдө.

1961-жылдын 12-апрели – Юрий Гагариндин жылдызы жанган күн. Советтик аба күчтөрүнүн 27 жаштагы улуу лейтенанты “Восток 1” космостук кемесинде 48 саат ичинде жерди айланып, аман-эсен кайтып келген.

Космосто жанган “советтик жылдыз”


Космоско жасалган ал сапар адамзатты кызыктырып келген жаңы илимий ачылыштарга жол ачып, дүйнөнү түбөлүккө өзгөрттү. Ал дүйнөдөгү геосаясий абалды да өзгөрттү. Анын артынан Америка Кошмо Штаттары космоско өзүнүн астронавты Алан Шепардды учурат.

АКШ менен Советтер Союзу ортосунда “кансыз согуш” кызып турган чакта минтип СССР космосту багындырууда биринчиликке жеткени америкалыктардын бир топ эле зээнин кейитти. Бир ай өтүп-өтпөй Кошмо Штаттары өзүнүн кемесин учурганга үлгүрөт.

Космостогу алгачкы тажрыйбаны көрсөткөн документтер, атап айтканда, Юрий Гагариндин өзүнүн космос жөнүндөгү отчету жана башка документтер бейшембиде Нью-Йорктогу белгилүү “Сотби” (Sotheby’s) аукционуна коюлду. Аларды “Сотби” жарым миллиондон өйдө деп баалап жатат.

Түп нускабы же көчүрмөбү?

“Бул өзгөчө документ, анткени Ю.Гагарин отчетту космостон жерге кайтып келиши менен эч кандай орус космос командачылыгынын көзөмөлүсүз жазган. Демек, асманда көргөндүн баарын кандай болсо, ошондой көрсөткөн,” - дейт “Сотбинин” вице-президенти Марсиа Малиновски.

Ал документтерди аукционго америкалык белгилүү миллионер бизнесмен, учурунда президенттикке да ат салышкан Росс Перот сатып жатат. Ал да учурунда бул документтерди аукциондо сатып алган экен.

Ошол документтердин ичинде Гагариндин жеке отчету, Малиновскинин айтымында, учкуч өзү жасаган төрт башка көчүрмөнүн бири.

“Бул – Ю.Гагарин өзү жазган чыныгы көчүрмөлөрдүн бири экени факт. Анын этегинде космонавт чоң кол коюп койгон. Мунун өзү Гагарин ошол учурда бул тарыхый миссия үчүн тандалып алынганына канчалык сыймыктанганын көрсөтөт. Менимче, космостон кайтып келип жазган отчету анын эмгек тажрыйбасындагы эң маанилүү учур болсо керек,” - дейт Малиновски.

Аукционго коюлган буюмдардын ичинде Юрий Гагарин Советтер Союзунун космоско учуулар боюнча комиссиясында жасаган доклады, 1960-1974-жылдары советтик космос программасынын директорунун орун басары Василий Мишиндин да жеке күндөлүгү бар.

“Сотбиде” Ю.Гагариндин буюмдарын сатып жаткан бизнесмен Росс Перот табылгасын 1993-жылдары сатып алганы айтылат. Кимдер аркылуу алынганы так белгисиз. Айрым документтерди космонавттын өзүнүн жубайы Валентина Гагарина берген дешет. Бирок Орусиянын маалымат каражаттарында космостук программанын жетекчилери бул маалыматты төгүндөп жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG