Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

АКШ Ооганстанга дагы 7 миң аскер жиберет


Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министри Роберт Гейтс Америка келерки жылдын жай айларына чейин Ооганстанга кошумча 7 миң аскер жибере турганын билдирди. Гейтс бүгүн Ооганстандын Кандагар шаарында аскерий жетекчилик менен жолугушуп жатат. Ал жаңы шайланган президент Барак Обаманын администрациясында да кызматында кала турган болду. Учурда Ооганстанда кырдаалды жөнгө салуу үчүн аракет кылып жүргөн 65 миңдей чет өлкөлүк аскер бар. Алардын 31 миңи - америкалыктар.

XS
SM
MD
LG