АКШдагы маалымат каражаттары жазышынча, Физика боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Стивен Чу АКШда энергетика боюнча жаңы министр болуп калышы мүмкүн. Чу - кубаттуулукту альтернативдүү булактардан алууну жактагандардын бири. Жаңы шайланган президент Барак Обама энергияны альтернативдүү булактардан издөө анын администрациясынын негизги милдеттеринен боло турганын айткан болчу.