Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:21

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин өлкөдө чет элдик жумушчулар үчүн берилип келген квоталарды кыскартууну караган токтомго кол койду. Каржы кризинен улам орус өкмөтү өлкөнүн эмгек базарын коргоо жүйөөсү менен кабыл алган бул чечимдин чет элдик мигранттарга тийүүчү түз жана кыйыр кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

Орусиянын премьер-министри Владимир Путин чет элдик жумушчу күчүнө берилген квотаны каржылык кризистин шартында эки эсеге чейин кыскартуу максатка ылайыктуу экенин оболу 4-декабрда, бул ирээт өкмөт башчысы катары орусиялыктар менен сыналгыдан өткөргөн түз байланышта айткан эле.

Бул билдирүүсүнүн соңунан Путин 8-декабрда Орусиянын федералдык бийлиги ошол квоталарды кыскартуусуна жол ачкан токтомго кол койду. Өкмөт демилгесин эң биринчилерден болуп мигранттар эң көп жүргөн Москванын мэри Юрий Лужков колдоду. Лужковдун ушул шаршембидеги ырастоосуна караганда, башкалаада азыр жумушсуздуктун көрсөткүчү 0,5%ды эле түзөт, бирок ага карабай бул көрсөткүчтүн жогорулабоосу үчүн азыртан чара көрүү керек.

Соңку жылдары, асыресе мунай жана газ баасынын кымбатоосунан улам өргө жылуунун гана үстүндө болгон орус экономикасы глобалдык каржы кризистен катуу сокку жеди. Ишканалар жумушчуларын массалык түрдө бошотуп, акча жоктугунан улам курулушта жүздөгөн долбоорлор токтоду.

Буга жини келген орусиялыктардын катмары экономикадагы кыйынчылыктар үчүн күнөөнү өлкөдө 10 миллиондон ашуун деп эсептелген мигранттарга жүктөп жаткандай.

Акыркы апталарда өлкө аймактарында мигранттарга каршы нааразылык акциялары да орун алды. Атүгүл башкаруучу партия – "Бирдиктүү Орусиянын" "Жаш гвардия" деп аталган жаштар канатынын активисттери ушул аптада өлкөдөн мигранттарды чыгаруу чакырыгы менен көчө жүрүшүн өткөрдү. Демонстранттадын колунда "Биз Орусияны коргойбуз", "Биздин өлкө - биздин иш" деген ураан-чакырыктар болду. Бийликтеги партиянын жаштар канаты ошондой эле мыйзамсыз мигранттарды табуу үчүн курулуш жайларын тинтүүнү, көчөлөрдө көзөмөл уюштурууну сунуш кылды.

Эгер чын эле ушундай аракеттер жүрсө, бутага биринчи кезекте Орусияга келүүдө виза талап кылынбаган Борбор азиялык мигранттар кабылышы мүмкүн. Байкоочулар болсо келгин жумушчулар көп учурда түпкү калк жасагысы келбеген иштер менен алектенерин, муну баары эле аңдап-түшүнө бербесин белгилешүүдө. Светлана Ганушкина миграция маселесине адистешкен укук коргоочу:

- Орустар мындай акчага, мындай шартта иштөөгө даяр эмес. Бизге квалификациялуу эмес жумушчулар келет, алар текейден арзан иштешүүдө. Эгер жумушчу мыйзамсыз иштесе, андан да пайдалуу.

Миграция боюнча эксперттердин көз карашында, чет элдик жумушчулар үчүн бөлүнгөн квотаны кыскартуу Орусиянын тереңдеп бара жаткан кризисинин кесепеттерин жеңилдетүүгө анчалык деле салым кошо албайт.Тескерисинче, мигранттарды мыйзамсыз жолдорду издөөгө түртмөкчү. Богшохи Лашкарбек Москвадагы тажик маданий борборунун жетекчилеринин бири. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун тажик кызматына буларды айтты:

- Көпчүлүк ишканалар квотага карабай, мурдагыдай эле мигранттарды жумушка ала беришет. Квота салык төлөгүсү келбеген иш берүүчүлөр үчүн пайдалуу эмес. Бул чечим Моквада мыйзамсыз мигранттардын дагы көбөйүшүнө алып барат. Тажиктер мурдагыдан да көп жабыр тартат. Ыңгайы келген ар учурда айыпка жыгылышат, иш берүүчүлөр болсо жоопкерчиликтен качып кетүүнү уланта беришет.

Квоталарды кыскартуу экономикалык кризис боюнча коомдун нааразылыгын мигранттарга буруу менен өңү бурууларга карата буга чейин эле күчөгөн жек көрүүчүлүк маанайына май тамгызууда.

Орусияда расалык негизде жасалган кол салууларды иликтеген "Сова" уюмунун эксперти Галина Кожевникова мындай дейт:

- Азыр басма сөздө мигранттарга каршы өнөктүк жүрүүдө. Адамдар иштен массалык түрдө иштен бошотулуп жатат, алар мекенине кеткендин ордуна топтошуп көчөгө чыгып, кедей орустарды өлтүрө баштады деген кеп-сөздөр айтылууда. Бул фактынын азыр Мамлекеттик думанын деңгээлинде колдоо таап жатканы коркуу сезимин күчөтүүдө. Мунун баары кыянатчылыктарга гана алып барат.

"Сова" борборунун иликтөөсүнө караганда, быйыл Орусияда расалык жүйөдөгү кол салуудан 84 адам мерт болгон, 360тан ашууну жаракат алган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG