Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

Иракта жанкечтинин жардыруусунан көптөгөн адам өмүрү кыйылды


Ирактын Киркук шаарында жанкечтинин кол салуусунан бери дегенде 55 киши набыт болуп, жүзгө жакыны оор жаракат алды. Полициянын маалыматына ылайык, жанкечти өзүн шаардын сыртындагы ресторандын ичинде жардырып жиберген. Бийлик өкүлдөрү мерт болгондордун саны азыркыдан дагы көп болушу ыктымал деп кооптонушууда. Ушуну менен бул чабуул– акыркы айларда Иракта орун алган эң кандуу кол салуулардын бири болуп калды.

XS
SM
MD
LG