Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:18

“Мамлекеттик символдор” жөнүндө мыйзам каралды


Депутат Алишер Мамасалиев тарабынан иштелип чыккан мыйзам мамлекеттик символикаларга сый менен мамиле кылуу, ал аркылуу өлкө жарандарынын патриоттуулук сезимин өрчүтүү максатын көздөйт. Мыйзамга ылайык мамлекеттик имараттарда мамлекеттик туунун илиниши, караңгы мезгилде аларды жарытып туруу, эскилигине жеткирбей өз убагында алмаштыруу, автоунаалардын номерлериндеги желекти мык менен тешпөө талаптары коюлган. Автоунаалардагы номер маселеси депутаттар арасында талаш жаратып, мыйзам биринчи окууда гана кабыл алынды. Депутат Мамасалиев талкууда айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоорун экинчи окууга алып чыгууга тийиш.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG