Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:10

Кылым тазарткан бир күн


Бүгүн жарык көргөн басылмалардын дээрлик бардыгы Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү – 80 жылдыгына арналып жарыкка чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити 8 бетин жалаң улуу жазуучуну эскерүүгө арнады. Мында Кыргыз эл Баатыры, Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин Айтматов тууралуу айткан ойлору ж.б. авторлордун жазгандары бар. Окурмандардын көңүлүн бура турган дагы бир макала – Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин ректору Сулайман Кайыповдун “Ата экенин билген кезде о дүйнөгө кете берди” аттуу көлөмдүү баяны. Анда Айтматов жазма өнөрдүн гана эмес, оозеки аңгеменин да устаты болгондугу баяндалат.

“Кыргыз руху” гезити “Манасты сактап калган Айтматов болгон”, “Айтматов адамзаттын элчиси”, “Айтматовдун ааламдык чабыты” ошону менен бирге эле Ч. Айтматовдун өзүнүн “Улуу жазуучу, уңгулуу жазуучу” деген ат менен Ашым Жакыпбеков жөнүндөгү макаласы, интервьюлар, эскерүүлөр менен басылып чыкты.

Айтматов тууралуу “Ачык саясат" гезити айтылуу Айтматов изилдөөчү Абдылдажан Акматалиевдин макаласын, төкмө ырчы Элмирбек Иманалиевдин “Чыңгыз өлбөс болсочу” деген жоктоо ырын жарыялады.

“Агым” гезити Айтматов менен Шахановдун “Аскада калган аңчынын ыры” китебинен бир бет үзүндү тартуулады.
“Жаңы ордо” менен “Жаңы кылым” гезити Ч. Айтматов жөнүндө бүгүнкү сандарында эч кандай маалымат беришкен жок.
Биз эми гезиттердин башка жазгандарына да учкай токтоло кетели.

“Жаңы кылым” гезити “УТРК качан тынчыйт же “Азаттыктын ажаатын ачаар жан барбы?” деген макала басып, анда мурдагы КТР, азыркы УТРК экс-президент А. Акаев учурунан бери эле калыс эмес маалымат каражаты катары эл оозунда “кара жашик” деген атка конуп келгени, жана башкалары, уушу кездеги жагдайлары жөнүндө сөз кылды.

“Жаңы ордо” гезити президенттин админстрация башчысы Медет Садыркулов жөнүндөгү оппозициячыл саясатчылардын мүнөздөмөлөрүнө орун берген.

“Агым” гезити автору жок эки макала басты. Анын орус тилиндегиси ушу тапта Америкада жашап жүргөн саясатчы Равшан Жээнбековго багышталса, кыргызчасы Исмаил Исаковго арналып “генерал Исаков президент болом дейт” деп аталды. Макаланын аягы: “Жайды-жайлай мечиттерди кыдырып кыйраттым деп атты эле, Ноокаттагы өтө кооптуу инцидентке да Исаковдун түздөн-түз тиешеси бар. Кечээги эле Кабилованын “концертинин” көшөгө артындагы режиссеру да Исаков болгону шекилдүү. “Чабал өрдөк мурда учат” болуп, кайран генерал 2010-жылкы марага эрте учуп алдыңыз” деп жазылган.

“Бакиев кетпейт. Себеби, коррупция менен мафияга аралашкан бүгүнкү бийлик менчиктештирүү-сатуу саясатынын жыргалын көрүшү керек. Кыргызстанда стратегиялык обьектилердин баары сатылып, капчыктар миллиарддарга толуш керек. Бир четинен буларда ыйман деген жок. Сөздүн кыскасы, бүгүнкү Бакиевде кечээгиси, азыркысы, эртеңкиси деген түшүнүктөр жок киши экен. Ушул кишинин ордуна мен болгондо кичинекей Кыргызстанды Кытайдан кем калышпаган, Орусиядан он эсе өйдө турган өлкөгө айландырмакмын,”-деп кеп салды Зарлык Дыйканбаев аттуу автор “Кыргыз руху” гезитиндеги “Инвесторстан” аттуу макаласында.

“Ачык саясат” гезитине “Курулушмеханизация” ачык акционердик коомунун президенти А. Усупбаевдин президент К. Бакиевге кайрылган каты басылды. Өндүрүшчү бул каты аркылуу жаңырган жылдан баштап күчүнө кире турган жаңы Салык Кодексиндеги кыймылсыз мүлккө салына турган салыкка президент Бакиевдин көңүлүн бургусу келген. Биздин ансыз да араң жан экономиканы дал ушул салык биротоло күм-жам кылып кетиши мүмкүн деп эсепетйт Усупбаев. Өндүрүшчү андан ары Кыргызстандын бюджетинин 45 пайызы же дээрлик жарымы мамлекеттик атка минерлерди багууга жумшаларын, дүйнөлүк кризис каптап турганда дал ушул тармакты кыскартып, өлкөдө чакан жана орто ишкерликти колдоону колгоо алуу керектигин белгилейт.

“Кыргыз туусу” гезити Мамлекетик архив агенттигинин деректири Ч. Абыкеевдин “Каяшага да кубанган учур болот” аттуу борбордук архив имаратынын материалдык абалы тууралуу дагы бир ирет сөз кылган макаласын сунуш кылса, тарых илимдеринин кандидаты Турсунай Өмүрзакованын “Тарыхка тайкы эмес, так мамиле жасалса” деген макаласында “... Манап деген К. Исаев жазгандай “бандит” жа “басмачы” эмес, эл бийлеген адам болгон. Колбашчы Манап 1625-27-жылдары Иле суусунун жээгинде болгон калмактар менен урушта каза табат. Мен Манап бийдин урпагы эмесмин. Бирок адис катары, тарыхчы катары калыстыкты, чындыкты жогору баалайм” деп аяктайт тарыхка так мамиле жасоо тилегин.
XS
SM
MD
LG