Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:55

БУУнун комитети Кыргызстанды Аксы окуясында атылып кеткен Элдиярдын өлүмү үчүн айыптуу деп тапты


БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аксы окуясында атылып кеткен Элдияр Үмөталиевдин ата-энесинин арызын карап чыгып, алардын уулунун өлүмү үчүн Кыргыз Республикасын айыптуу деп тапты. Комитеттин чечиминде мамлекет Элдиярдын өмүрүн кыйып, саясий жана атуулдук укуктар жөнүндө эл аралык пактынын алтынчы беренесин бузган деп айтылат. БУУнун комитети ошондой эле Кыргыз Республикасын Элдиярдын өлүмүнө алып келген окуяларды талаптагыдай иликтебей, жабыркагандардын талабы боюнча акыйкат сот жүргүзгөн эмес деп айыптаган. Элдиярдын ата-энеси Анарбай Үмөталиев жана Анаркан Таштанбекованын арызын БУУнун комитетине адвокат Сартпай Жайчибеков даярдап тапшырган экен. (KCh)

XS
SM
MD
LG