Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлдү


Эл аралык валюта корунун Аткаруу кеңеши 18 айга эсептелген программанын алкагында Кыргызстанга 100 миллион доллар бөлүүнү жактырды. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн бүгүн кабарлашты. Каражат сырткы кризисттик таасирлерден, анын ичинде баалардын өсүшү, электр энергиясынын жетишсиздиги, Нура айылындагы жер титирөө жана Казакстандын банк системасындагы кыйынчылыктардын терс таасирин азайтууга багытталат. Бөлүнгөн каражаттын 25 миллион доллары ушул айда кыргыз өкмөтүнүн эсебине келип түшөт. 100 миллион доллар жеңилдетилген насыя түрүндө берилүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG