Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:59

Cаясий партиялардын Жалал-Абат облусундагы бөлүмдөрү жыйын курду


Бүгүнкү жыйында «Ата Мекен», «Ар намыс», «Социал-демократтар» партияларынын өкүлдөрү бириккен оппозициянын курултайы кабыл алган өнүктүрүүнүн концепциясын колдоого алышты. Учурдагы социалдык-экономикалык абал оор жана үй-бүлөлүк башкаруу элге жакпай тургандыгын белгилешти. Коррупция бийликтин бардык бутактарына тамырлаганы, өнүгүүгө бийлик уюмдарынын көптүгү тоскоол болуп жатканы айтылып, район-шаарларды, ашыкча министрликтерди кыскартууну сунуш кылышты. Курултай бийликке берген нөөмөттө өлкөдөгү абалда өзгөрүү болбосо, азыркы бийликти кызматтан кетирүү аракеттери көрүлөөрү тууралуу да сөз жүрдү. Облбийликтин жооптуу адистери менен бийликти жактаган кишилердин пикиринде бийлик социалдык-экономикалык жагдайды оңдоого аракет көрүүдө жана бийлик бутактарын алмаштырууга негиз жок. (YA)

XS
SM
MD
LG