Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:04

Балкан аймагында согуш эбак бүтсө да, улуттар арасындагы өз ара ишеничпөөчүлүктүн түпөйүл сезимдери сакталып кала берүүдө. Натыйжада мектептерде ар улуттун балдары ар башкача билим алып, бир бирин билбей, тааныбай бой жетишүүдө. Ушул жааттагы босниялык журналист Ненад Пейичтин комментарийин сунуш этебиз. Пейич учурда Эркин Европа, Азаттык радиолорунун директорунун орун басары болуп иштейт.

– Жакында мен Прагадагы эл аралык мектепте 6 жаштагы кызым менен болдум. Ал айрыкча эле мектептин ашканасын көргөзгүсү келип туруп алды. Тамагы өзгөчө даамдуу болгондуктан эмес, ашкананын шыбы бүт мектепте окуган балдардын улуттук байрактары менен кооздолгонун көрсөткүсү келген экен. Санап көрсөм, 58 байрак илинип туруптур.

Ал эми менин мекеним Босния-Гертсеговинада мектептер таптакыр бөлөк. Европадагы Коопсуздук жана кызматташттык уюмунун Босниядагы миссиясы 230 мектепте изилдөө жүргүзүп, кооптуу абалды аныктаптыр. Өз улутундагылар окуган мектепке барыш үчүн, көп балдар улам көп убакытты жолдо өткөрө башташкан.

Республика Српсканын билим берүү министри Антон Касипович Азаттыкка терең тынчсыздануу билдирип, ар кыл улуттагы балдардын ата-энелери арасында ишеним жок экендигин белгиледи.

Согуштан кийин 13 жылдан кийин бүгүн Босниянын билим берүү системасында жети бөлөк система, ар биринин өзүнчө программасы жана окуу китептери бар. Мусулман балдар 7 миң мусулман өлтүрүлгөн Сребреницаны "геноцид" деп окушат, ал эми серб балдарга муну "трагедиялуу окуя" деп үйрөтүшөт. Балдардын бир бөлүгүнө сеператисттик мүдөөлөр көз карандысыздык укугунун мыйзамдуу көрүнүшү деп окутушса, калгандар муну "өлкөнү бөлүп-жарган чыккынчылык" деп билишет.

Мындай билим берүү системасы албетте элдешип, ынтымакташууга огожо боло албайт. Ал тескерисинче тирешке жана шектенүүчүлүккө жем таштайт. Хелсинки комитетинин Баня-Лукадагы кеңсеси босниялык жаштардын арасында "ашкере улутчулдук" күчөп жаткандыгын эскерткен. "Бул маселени эч ким ачык талкуулагысы келбейт... бирок үйдө жана мектепте себилген жек көрүүчүлүк менен улутчулдуктун үрөөнү бизди дагы бир бирибизден ажыратып, ажырымды дагы тереңдетээринде шек жок", - дейт кеңсенин директору Бранко Тодоровиц.

"Бүгүн Боснияда экстремизм сейрек эмес, кадыресе көрүнүш болуп калган, бул жаңы жаңжалдарга алып келет деп корком", - деп белгилейт ал.

Боснияны ушул "ажырым" деген сөз баарынан мыкты мүнөздөйт деп айтаар элем. Боснияда Бир Дүйнө коллежи өндөнгөн өзгөчө мектептер бар, бирок алар өтө эле аз. Босниялык балдардын көбү өз улуттунун гана өзгөчөлүктөрүн билип, калган эки улутка терең ишенбөөчүлүк менен бой жетишүүдө. Алардын бири да бирдиктүү өлкөнү башкара албайбы деп корком.

Мисалы мына бул бала. 5 жаштагы чыт курсак "Хорваттар, босниялыктар, сербдер тууралуу билесиңби?" деген суроого "Жок" деп жооп берди. Ал эми сен өзүң ким экениңди билесиңни деген суроого "мен баламын" деп жооп берди. Бул бала келерки жылы биринчи класстын босогосун аттайт.
XS
SM
MD
LG