Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:33

П.Казыбаев: Руханий жардылык экономикалык каатчылыктан кооптуу


Публицист Памирбек Казыбаев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган иш чаралардын жүрүшү, алардын деңгээли боюнча “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Сиз Алыкул Осмоновдун ысымын өчүрбөө аракетин көрүп жүргөн чыгармачыл инсан катары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш чаралардын баардыгына катышып жатасыз да. Анын рухий дүйнөсүн, чыгармалары аркылуу насаат калтырган ойлорун өткөрүлүп жаткан иш чаралар ачып берип жатабы?

- Бул чоң маселе. Албетте ал кишинин көзү тирүү болгондо башкача болмок. Бирок ал кишинин элесине, чыгармачылыгына, жалпы кыргыз элине кылган кызматына деп аракеттер болуп атат. Менимче, азыркы иш чаралар кийинки иш чараларга уютку болот, кеткен кемчиликтер жакшы жагынан алынат го деп ойлойм.

- Айтматовдун жылы деп атайын жардык менен жарыялангандан кийин ушул жылы бир топ иш чараларды өткөрүү белгиленген. Анын алкагында алар кыргыздын сыймыгы болгондон жазуучуну пир туткан жаштарды, жолун жолдоочуларды тарбиялай ала турган, анын деңгээлине жетүүгө умтулта турган жолду ачып берип жатабы?

- Ооба, сурооңузга жооп берип койдуңуз, жаштардын кызыгуусу болуп атат. Бирок өзүңүз эскерип кеткендей, бүгүн Алыкулдун да каза болгон күнү. Эки залкарга жараша мамиле болуш керек деп ойлойм. Себеби Алыкулдун иштери боюнча тажрыйба бар. Ошондуктан Чыңгыз Айтматовдун албетте калтырып кеткен залкар эмгектери бар, бирок ошентсе дагы ал кишиге Айтматовдун аманаты катары мамиле кылыш керек. Чыккан чыгармаларын мындан ары да иликтеп, кайрадан чыгарып, кайрадан киносун тартып дегендей. Себеби Алыкулдун сөзү бар го, артыңда атыңды айтаар заман калсын деген. Ошон үчүн ошондой ишти улантыш керек деп ойлойм.

- Быйыл Айтматов жылы болгондугуна байланыштуу орто мектептерде анын чыгармалары боюнча кечелер өткөрүлдү, көп дил баяндар жазылды. Ошондо мектеп окуучуларынын көбү Айтматовдун чыгармаларын билбегени, окубаганы байкалды. Мен өзүм аларга күбө болдум. Бул кенемтени жоюу үчүн мындан ары кандай аракет болуш керек деген ойдосуз?

- Бул азыр эң чоң маселе болуп турат. Биз азыр азык-түлүк коркунучу деп атабыз, а бизде негизги руханий коркунучу, адеп-ахлак, каада-салт жагы да кетип баратпайбы. Унтулуп аткан нерсе ошондо да. Улуу сөзүбүз Манаста да айтылган эмеспи, аталардын алгы сөзү айтылбаса дат басат дейт. Демек жаштарга, окуучуларга жеткире айтып, мындай-тигиндей болгон деп, жазуучунун болобу, же башка чыгармачыл инсандардын жан дүйнөсүн ачып, анын чыгармачыл өзөгү кайда экенин айтып-деп турбасак, жаштарда эмне күнөө, бизде күнөө болуп атпайбы.

- Жаштар билиш үчүн Айтматовдун чыгармалары, деле инсандык деңгээли унутулбашы үчүн кандай аракеттерди көрүшүбүз керек, сиздин жеке кандай сунуштарыңыз бар, кандай иш аракеттерди жасашыбыз керек?

- Классикага классикадай мамиле кылыш керек экен. Мен юбилейлик иш чаралардын арасынан “Теңири” деген кинону көрдүм, Айтматовго арналган экен. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде дейт, балким кинонун ишмерлери башкача көз караш менен карайт, бирок мен Айтматовдун окурманы, анан адабий чыгармалары боюнча иликтеп жүргөн адам катары менде тескери пикир болуп калды. Франция, Германия, Кыргызстан биригип тартыптыр, негизги режиссеру француздар экен. Биздин адеп-ахлакка туура келбейт. Ошон үчүн Айтматов боюнча дагы иштер уланат, ошондо биз кыргыздар Айтматовдун жердеши, улутташы, биздин рухий келиштин ээси катары чет өлкөлөр менен иштегенде да кандайдыр бир өзүбүздүн талапты, өзүбүздүн каада-салттын эрежелерин айтып турушубуз керек деп атам.

- Улуттук менталитет ачылып туруш керекпи?

- Ооба, болбосо азыркы заманда глобализация болуп атат, азыркы заман ушундай болуп калды деп эле дээрлик кетип аткандай сезилди мага. Айтматовдун ысымын сактоо, анын ишин улантуу боюнча мен ойлойм, жайында да басма сөзгө жазгам, бизде фольклор, адабият, маданият искусство боюнча өзүнчө борбор ачыш керек, музей деп коебузбу, же илимий борборбу, ошого Айтматовдун атын берип ошол жерге 50 пайыз Айтматов боюнча болсо, 50 пайызы калган кыргыздын инсандары жөнүндө болуш керек. Мисалы ошол эле С.Чокморов, Б.Минжылкыев, Т.Турсунбаева, Б.Кыдыкееваларо жөнүндө азыр эч ким билбейт да. Мына жаштар билбей атат деп атпайсызбы. Мисалы Сүймөнкул Чокморовду кыргыз өңүндөй деп даңазалап жүрчү элек, өткөндө сурасак эч ким билбейт ким экенин, Голливуддун актерлорун билип атпайбы биздин жаштар. Ошон үчүн Айтматов атындагы фольклор, адабият, маданият искусство борборунун Айтматов ордосу деп коебуз, ошондой ачылса. Манастын миң жылдыгы өткөндө атайын дирекция уюштурулбады беле мамлекеттик деңгээлде, ошондой мамиле кылбасак унутулуп калабы деген ойдомун.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG