Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Айтматовдун ысмын ыйгаруу маселеси парламентте эмне үчүн козголбоду?


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмын түбөлүккө калтыруу маселелерине байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна ЖК депутаты Роза Отунбаева жооп берди.

- Чыңгыз Айтматов каза болгондо “Азаттык” уюштурган тегерек үстөл талкуусунда улуу жазуучунун ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн өкмөт маселеге олуттуу карап, келечектүү чечимдерди кабыл алыш керек деп сунуш кылган элеңиз. Мына бүгүн 80 жылдык юбилейи белгиленип, анын инсандык, жазуучулук, мамлекеттик ишмердигине баа берилгени жатат. Буга чейин өткөрүлгөн иш чаралар Айтматовдун аталган ишмердик деңгээлин чындап ачып бере алдыбы?

- Биринчиден, ар бир улуу инсан Кыргызстанда өзүнүн атын түбөлүккө калтырганга аракетте, мен коомчулукту айтып атам. Мен айтат элем, биз бир демилгелүү топ өкмөт жасап аткан ишти күтпөй эле өзүбүздүн сунушубузду чыгарганбыз. Биздин угушубуз боюнча Бишкек шаарында Айтматовго бир топ жерлерди айтып атышыптыр. Алардын баары эле биздин оюбузча Айтматовдун деңгээлине жетпей турган нерселер. Айтматовдун ысымы бул дүйнөлүк ысым, бул дүйнө тааныган киши. Борборубузда эң көрүнүктүү жер болуш керек Айтматовдун атын көтөргөн, алган.

Мен кечээ Жогорку Кеңеште ушул маселени көтөрүп чыктым. Чүй проспектиси Бишкек шаары калыптангандан баштап эле, мурун Купеческий, анан Гражданский, анан Сталин, 22-Партсъезд, Ленин проспектиси болуп аталып келди. Эми бүгүн биз ары-бери калчап карап көрсөк, Айтматов, Манас, анан кыргыз эли Лениндин да атын эч качан түшүрбөйт. Ушундай үч аты бар экен кыргыз эли дайыма макул боло турган. Чүй проспектисин Айтматовдун наамына койсун деген биздин топтун идеясы бар эле. Ушуну шаардык кеңеш колдоп берсе туура болот эле.

- Роза айым, мамлекеттик ишмерлердин көзү өткөндө элдин өкүлү болгон Жогорку Кеңеш да өз баасын берип, депутаттар шайлоочулардын белгилүү адамдар тууралуу ойлорун ортого салыш керек эле. Сиздер иштеген парламент эмнегедир ушундай маселелерди кыйгап өтүп жатат. Маселен Чыңгыз Айтматов тууралуу парламентте кечээ сиз көтөргөнгө чейин бир дагы жолу сөз болгон жок, же буга зарылдык жокпу?

- Кыйын, мен ойлоп атам ал ар кимибизден көз каранды. Мен деле мурун эле көтөрсөм болот эле. Мен болсо бул маселени башка жазуучулар, окумуштуулар топторунда көтөрүп аттым бул маселени. Биз атайын чогулттук ошондой топту. Бирок Жогорку Кеңеш көтөрсө дегенин туура айтып атасыз. Бизде, Жогорку Кеңеште керектүү кишилерге ошол замат эле токтом да дайыма болуп калат, аны 5 жыл мурун боло турган юбилейлерге өзүнчө топ түзүп тез эле жасап коюшат. Ошондуктан сиздин бул сыныңызга мен кошулам. Бирок Чыңгыз Айтматов дегенде биз баарыбыз тике туруп, жапа тырмак болуп, эң эле жогорку нерселерди жасашыбыз керек эле, эң эле татыктуу нерсеге ысымын коюп беришибиз керек эле. Мына азыр эстеликтер жөнүндө кеп болуп атат.

Мына жарым жылдан кийин эле бир жылдыгы болуп калат Чыңгыз Төрөкуловичтин кайтканына. Ошого карата Ата-Бейитте абдан татыктуу мемориалдык комплекс курулуш керек эле. Дүйнө жүзүнөн адамдар келип турушат, Чыңгыз Айтматов кайда жатат, кайда жашачу эле, кайда иштеп отурчу эле, кана столу деп. Мына Ясная-Полянага барабыз го Толстойду сагынып, кайсы жерде эле, ошонун духун ошол жерден сезейин деп. Ошондой жер керек, мына үйү жатат, эч ким караган жок, өкмөт бир тыйын бөлгөн жок, ошол жерде эч бир иш жок. Керек болсо мен айтып кетет элем, мына Чыкем Германияда ооруп бир ай жатты, ошонун акчасы да төлөнүш керек эле. Ошону дагы азыр өкмөт төлөп койсо болот эле.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG