Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Революциялык кыймылдын кеңсеси тинтилгендиги тууралуу элге билдирилет


Революциялык кыймылдын мүчөсү Мукар Чолпонбаев «Азаттыкка» айтканына караганда, ондон ашуун адамдын эч кандай алдын ала билдирүүсүз кирип келип, тинтүүсү мыйзамга каршы келет. «Бул ачыктан-ачык тинтүү болуп жатат. Бирөө өзүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкеримин деп тааныштырып, бирок документин көрсөтүүдөн баш тартты. Мунун бардыгы КРнын Конституциясы мамлекеттик прокуратуранын кызматкерлери тарабынан тебеленип жатат дегенди билдирет», - дейт М.Чолпонбаев. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында, Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери тинтүүнүн жүйөөлүү себептерин айта алышкан эмес жана алар президент Курманбек Бакиевдин абийирине шек келтирген кагаздар бар деген билдирүү түшкөнүн айтышкан. Бирок тинтүү учурунда андай кагаздар табылбаганын Элдик революциялык кыймылдын президиумунун мүчөсү Роза Нурматова да тастыктап, прокуратура кызматкерлери анын сумкасын да тинтүүгө аракет кылганын айтты. Ал эми Бишкек шаардык прокуратуранын бей маалым калуусун каалаган бир кызматкери бул тинтүү эмес, жөн эле кароо экенин белгилеп, ал эми расмий маалымат дүйшөмбүдө болорун билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG