Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Еврошаркеттин кезектеги саммити натыйжалуу болду


Бельгия- Франциянын президенти Николя Саркози жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинде, 12-декабрь 2008
Бельгия- Франциянын президенти Николя Саркози жана Германиянын канцлери Ангела Меркель Евробиримдиктин Брюсселдеги саммитинде, 12-декабрь 2008

Еврошаркеттин лидерлери пикир келишпестиктерди жеңип, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү жана экономиканы жандантуу чаралары жөнүндө макулдашышты. 27 өлкөнүн жетекчилери катышкан саммит жума күнү Брюсселде жыйынтыкталды.

Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо бул саммиттин акыркы 5 жылдагы эң маанилүү жыйын болгонун белгиледи:

- Саммиттин алдында азыркы жогорку жыйын мен Еврокомиссиянын төрагасы болуп шайланган 5 жылдан берки эң маанилүү болот деп айткан элем. Ошондой эле чыкты.

Баррозонун ырастоосунда, экономиканы жандандыруу, климаттык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү жана биримдиктин баш мыйзамы – Лиссабон келишимине байланыштуу “тарыхый келишимдерге” жетишилди.

Шаркеттин лидерлери ички дүң продуктусунун 1 жарым процентине барабар каражатты кардарлардын талаптарын стимулдаштырууга жумшалат деп макулдашышты. Бирок блоктун Чыгыш өлкөлөрү аларда андай каражат жок экенин ырасташууда. Өнөр жайы күчтүү жана бюджети балансталган Германия болсо керектөөнү көтөрүү бардык проблемаларды чече албайт деп эсептейт.

Жыйында мүчө-мамлекеттер газ эмиссияларын азайтуу маселесине байланышкан көптөн бери уланып келаткан талаш боюнча мунасага келишти. Чыгыш Европалык өлкөлөрдүн көбү казып алынган отундан көз каранды.

Шаркеттин учурдагы төрагасы, Франциянын президенти Николя Саркози Польша өңдүү өлкөлөргө жеңилдиктер берилиши керек деп билдирди:

- 38 миллион калкы бар Польшанын энергия тармагы 95 процентке көмүрдөн көз каранды. Алар жаңы милдеттенмелерин бара-бара аткара баштабаса, анда Польшада электр энергиянын баасы 200-300 процентке өсүп кетет. Социалдык жактан алганда, бул мүмкүн эмес.

Көмүр кычкылтегин иштеп чыккан өлкөлөр 2013-жылдан тартып ал үчүн акча төлөй башташтат. Бирок Польша адегенде 30 процентти гана төлөп турмакчы. Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө да ошол аралыкта жардам убада кылынды.

Шаркеттин лидерлери ошондой эле Ирландиянын талаптарын карашты. Дублин блоктун конституциялык келишими боюнча дагы бир референдум өткөрүүнү болжолдоп жатат. Буга чейин ирландиялыктар документти четке кагышкан эле. Шаркеттин ырастоосунда, Ирландия салык системасын, нейтралитетин жана бойдон алдыруу мыйзамын сактап калмакчы.

Биримдиктин эмки жылы Чехияда өтчү саммиттинде “Чыгыш шериктештиги” боюнча саясаттын багыттары талкууланмакчы. Ага Армения, Азербайжан, Беларусь, Грузия, Молдова жана Украинанын лидерлери катышат. Бир нече күндөн кийин Франция шаркеттеги төрагалыкты Чех Жумуриятына расмий өткөрүп бермекчи.


XS
SM
MD
LG