Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40

АКШ президенти Иракта күтүүсүз сапар менен болду


14-декабрда болгон сапар учурунда Жорж Буш коопсуздук жаатында жетишилген ийгиликтерди жогору баалап, бирок Иракта согуш бүтө электигин белгиледи. Багдадда АКШ президенти менен Ирактын өкмөт башчысы Нур аль-Малики 2011-жылга америка аскерлерин Ирактан чыгарууну караштырган “Коопсуздук келишимине” кол коюшту. Эки лидердин маалымат жыйыны учурунда ирактык журналисттердин бирөөсү бут кийимин чече салып, Жорж Бушту көздөй ыргыткан жана анын дарегине кордоочу сөздөрдү кыйкырган. Коопсуздук күчтөрү журналистти баса калып, залдан чыгарып кетишкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG