Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Башкы прокуратура А.Жекшенкуловго кылмыш ишин козгоду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аликбек Жекшенкуловго кылмыш иши мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген макулдашуу түзүп, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген кине менен козголду. Ага Эсептөө палатасынын Аликбек Жекшенкулов Тышкы иштер министр кезинде Кытайдын өкмөтү грант түрүндө берген 73 миллион сомду мурда эсептелген документсиз пайдаланып Тышкы иштер министрлигинин имаратын ремонттоткон деген жыйынтыгы негиз берди. Эсептөө палатасы министрлик имаратын ремонттоо мезгилинде кызмат көрсөтүүлөр жана товарларды сатып алуу тендерсиз жүргүзүлгөн деген аныктама берген. Элдик революциялык кыймылдын Улуттук кеңешинин төрагасы Азимбек Бекназаров муну бийликтин кезектеги коркутуп-үркүтүүсү деп баалап, ага оппозиция каршылык көрсөтөөрүн билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG