Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:07

Мусулмандар биримдиги акциясынан баш тартты


Бул тууралуу Мусулмандар союзу деген уюмдун төрагасы Турсунбай Бакир уулу менен анын орун басары Нурлан Мотуев кабарлашты. Алардын айтымында, буга бийликтин эл менен сүйлөшүүлөргө даяр эместиги жана митинг өткөрүүгө уруксаат бербегени себеп болду. 16-декабрда өткөрүү белгиленген нааразылык митингисинде президент Курманбек Бакиевди кетирүү талабын коймок эмеспиз деген Турсунбай Бакир уулу тынч митинг, жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган мыйзам Баш мыйзамга карама-каршы келет деп өзү жетектеген “Эрк” партиясы жолдогон арызды Конституциялык сот карагыча акциясын өткөрбөй турарын белгиледи. Андан тышкары алар элге кайрылуу жолдоп, бийлик эл менен диалогко барбагандан кийин өлкөдө саясий каршылыктар күч алса өзүлөрү жоопкерчилик алышпасын билдиришти. (BD)

XS
SM
MD
LG