Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Кытай жана Тайвань тикелей транспорттук байланышты калыбына келтирди


Мындай түз байланыш дээрлик алтымыш жыл мурда үзүлгөн эле. Эми Кытай менен Тайвандын деңиздеги порттору ортосунда жүк ташуу башка үчүнчү тараптын портун колдонбостон түз ишке ашырылат. Ошондой эле түз авиакаттамдар, түз почта байланышы да калыбына келди. Быйыл ноябрь айында кол коюлган келишимдердин бүгүнтөн тарта күчүнө кирүүсү Кытай менен Тайвандын алкасы оңоло баштаганын кезектеги белгиси. Кытай жана Тайвань 1949-жылкы согуштан кийин ажырап кеткен. Андан бери Тайвань өзүн көз карандысыз өлкө деп эсептесе, Кытай аны бир провинциясы катары карайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG