Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Нура менен байланыш кыйындады


Октябрь айындагы зилзала айылды бүтүндөй кыйратып кетти.

Октябрь айындагы зилзала айылды бүтүндөй кыйратып кетти.

5-октябрдагы зилзаладан түгөл кыйраган Алай районунун Нура айылын кайрадан кыдырганда кыштак изоляцияда калгандыгын оңой эле байкоого болот. Тыш дүйнө менен байланыш үзүлгөн. КТРден башка маалымат булагы жок. Райондук жана облустук борборго каттоо азапка айланган.

Кытай чек арасы убактылуу жабылгандыгына байланыштуу Алайдын акыркы айылына автоунаа каттабай калган. Ошол себептүү күн тоодон карыш көтөрүлгөндө жалданган «Нива» машинасы менен Ош шаарынан жолго аттандык эле, күүгүмдө араң Нурага жеттик.

Алдыбыздан көчө жорткон иттер тосуп алышты. Артынан калк коопсуздугун тейлеген жигиттер жете келишти. Аларга өзүбүздү тааныштыргандан кийин, дароо милдетибизди аткарууга кириштик.

Нуранын суугу сөөктөн өтүп, шамалы кулак-мурунду тызылдатат. Өзүн Майрам деп тааныштырган келинге микрофон сунганыбызда, ар тараптуу камкордугу үчүн Кыргыз Өкмөтүн жана жергиликтүү бийликти абдан алкады. Ошол эле учурда президент Бакиев келип-кеткенден кийин орнотулган 5-51-00 номерлүү шаардык телефондун ың-жыңсыз жоголгондугуна, Бител компаниясы уюштурган мобилдик байланыш он беш күн кубантып, кийин иштебей калгандыгына капаланды:

- Телефон байланышы болгондо сүйүнүп калдык эле кыздарыбыз, тууган-уругубуз менен сүйлөшүп, 15 күндөн кийин эле өчүп калды.

Ошентсе да, Майрам жердештерин тыш дүйнө менен байланыштырчу Кыргызтелеком, Бител компаниясы телефон түйүндөрүн чукул арада оңдойт деген үмүтүн үзө элек.

Ал эми Мониев атындагы мектептин мугалими Динара Токторбаева Кытай чегарасы жабылгандан бери облустук, райондук борборго, а түгүл мобул 75 чакырым алыстыктагы Сары-Таш айыл өкмөтүнө каттоо азапка айлангандыгын жашырбады:

- Жөнөгөндө көпчүлүк убактыбыз жолго кетип калат. КАМАЗга түшөбүз көп учурда. Ал жактан бери кайтканыбызда КАМАЗдар албайт, автоунаа жок.

Нуралыктарга гезит-журнал такыр жетпейт. Кокусунан колго тийгенин тытылганча окушат. Маалыматтын жападан жалгыз булагы – ОРТ жана КТР. Улуттук биринчи канал калк турмушун бир жактуу чагылдырат. Айыл тургуну Улукбек Култаев мына ушундай пикирде:

- «Азаттык» элдин турмушун ачык-айкын көрсөтөт, кайсы жерде жетишпестик болуп атат, кайсы жерде жетиштүү, калыс чагылдырат. Өкмөттөн «Азаттыкты» тынбай уктуруп турушун сурайбыз.

Улукбек Култаев кыргыз бийлиги калыстыктан тайыбаган, бейтарап позицияны тутунган «Азаттык» радиосунун уктурууларын кайрадан жандандырбаса, Акаев мезгилиндегидей маалымат таңкыстыгы элдин нааразычылыгын ого бетер ырбатып, социалдык жарылууга түртөт деген санаада.

Мониев мектебинин директору Орозмамат Нурматов да Нурада «Азаттык» эле эмес башка радиолор да тартпай калгандыгына токтолуп, аларды ишке киргизүү аракеттери болуп жаткандыгын ырастады.

Нура айылынын башчысы Мукамбет Болпонов азырынча көйгөй жоктугун, Президент жана Өкмөт берген убадаларын толук аткарса, жашоо мындан да жакшыраарын белгиледи:

- Жакшы эле болуп атат, бул жерден жакшы шарттарды айтты. Эгерде ошол иштин баардыгы буюрса 100 пайыз ишке ашып кетсе, элдин жашоосу кыйла эле жакшы оңолуп калат деп ойлойм.





XS
SM
MD
LG