Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:19

Алыскы планетада көмүр кычкыл газы табылды


Өткөн жумада АКШнын космос агенттиги – NASA “Хаббл” телескопу биринчи жолу Күн системасынын сыртында көмүр кычкыл газын аныктаганын маалымдаган. Бул – жашоо башка жерлерде да пайда болушу мүмкүн деген теорияны далилдейт. Аны менен бирге биздин галактиканын чордонунда кара тешик бар экени бышыкталды.

Акыркы бир нече жылдын ичинде астрономдор Күн системасынын сыртында 270тей планетаны ачышкан. Бирок алагачкы жолу ошондой планетанын атмосферасында жердегидей газ, атап айтканда көмүр кычкыл газы табылды. Аны “Хаббл” телескопу Жерден 63 жыл алыстыкта жайгашкан HD 189733b деген планетадан аныктаган.

Бул ачылыш абдан маанилүү. Себеби көмүр кычкыл газ Жердеги жашоо менен түздөн түз байланыштырылып жүрөт. Газ тирүү клетканын көптөгөн метаболизм процесстеринде чоң роль ойнойт. Ал жандыктардын организминдеги реакциялардын натыйжасында пайда болуп, атмосферага дем алуу аркылуу бөлүнүп чыгат. Көмүр кычкыл газы өсүмдүктөр үчүн муктаж.

- Көмүр кычкыл газынын аныкталышынын өзү эле өтө маанилүү. Бул ачылыш планеталар эмнеден турганын, ал жерлерде жашоо мүмкүнбү деген суроого жооп берүүгө жардамдашат, - дейт ачылышты жасаган топтун мүчөсү Марк Свэйн.

Сөз болгон планета, аны кээде ысык Юпитер деп коюшат, 2005-жылы ачылган. Былтыр анын атмосферасынан бир катар молекулалар табылган. Кийинчирээк окумуштуулар алгачкы жолу планетанын аба ырайынын картасын түзө алышкан. Быйыл болсо анда суу, тактап айтканда, буу табылган.

Илимпоздор көмүр кычкыл газы башка планеталарда да болушу ыктымал деген пикирди карманышат. Алардын бири изилдөөчү Пин Чен: "Илим – бул жаратылыштын мыйзамдарын ачып, түшүнүү. Ал мыйзамдар чындап эле универсалдуу. Ааламда бирдей мыйзамдар өкүм сүрөт",-дейт.

Жаңы ачылыш жерден сырткары да жашоо бар деп так айтууга, албетте, негиз бербейт.

Бул аралыкта германиялык астрономдор галактиканын ортосунда кара тешик бар экенин тастыкташты. Илимпоздор мындай жыйынтыкка Саманчынын Жолунда жайгашкан 28 жылдыздын айланышына байкоо салып келишкен. Жылдыздар көрүнбөгөн бир чордонду тегеренип жүрүшөт экен.

Окумуштуулар тобунун жетекчиси Рейнхард Гензел ошол чордон күндөн 4 миллион эсе оор кара тешик болушу керек деп болжолдойт. Кара тешик жылдыздар өчүп жарылганда пайда болушу мүмкүн. Кээ бир изилдөөчүлөр ошол тешиктер галактикалардын жаралышында чоң роль ойношот деген көз карашта.

XS
SM
MD
LG