Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Имамдар менен раввиндер тынчтык үчүн


Кечээ Парижде имамдар менен раввиндердин дүйнөлүк конгресси тынчтык үчүн деп аталган эл аралык жыйын башталды. Быйыл үчүнчү ирээт өтүп жаткан мындай кеңешме ЮНЕСКОнун колдоосу астында уюштурулган.

Имамдар менен раввиндер тынчтык үчүн конгрессинин быйылкы темасы – "Тынчтыктын ыйыктыгы" деп аталат. Уюштуруучулардын айтымында, Жакынкы Чыгыштын имамдары жана раввиндеринин өтүнчү боюнча өткөрүлүп жаткан быйылкы жыйынга 21 өлкөдөн 85 диний лидер катышууда. Алардын отузу - Палестина менен Израилден келген имамдар менен раввиндер.

Конгресстин катышуучулары арасында христиан жамаатынын Ватикандан барган диний лидерлери да бар. Конгресстин максаты – Жакынкы Чыгышта тынчтык орношуна салым кошуу. Уюштуруу комитетинин өкүлү Мустафа Ахриби бизге Парижден төмөнкүлөрдү кабарлады:

- Максат палестиналыктар менен израилдиктер ортосунда жаңжаалды, өзгөчө диний жаңжаалды талкуулоо. Биз имамдар менен раввиндер чогуу иштеп, эки жамааттын ортосунда достукка көпүрө болуп жатканын көргөндөр эмоцияга батуудабыз. Муну сүрөттөш кыйын. Жыйындын соңунан жөөт жана мусулман жамааттарынын биргелешкен декларациясы кабыл алынат.

Имамдар менен раввиндердин тынчтык үчүн конгресси буга чейин эки ирээт өткөн экен. Бири 2005-жылы Брюсселде, экинчиси 2006-жылы Севилья шаарларында уюштурулган. Мындай адаттан тыш жолугушууну өткөрүүгө ЮНЕСКО уюм да колдоо көргөзгөн.

ЮНЕСКонун башкатчысы Коитиро Матсуура жана Ислам конференциясы уюмунун азыркы төрагасы, Сенегалдын президенти Абдулай Вад конгресстин катышуучулары арасында болот.

Уюштуруучулардын пикиринде, имамдар менен раввиндер, албетте, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетүү үчүн саясатчылардын аракетин алмаштырууну көздөшпөйт. Бирок өкмөттөр алтымыш жылдай убакыттан бери жөөт-палестин чатагын чече албай жатканын эске алганда, балким диний лидерлердин расмий сүйлөшүүлөргө жигердүү катышуусуз мунаса табылбасын таануу зарыл болуп жүрбөсүн.

Ошондой эле уюштуруучулардын көз карашында, конгреске катышып жаткан жөөт, мусулман, христиан диний лидерлери өкмөт башчылар диний лидерлердин колдоосуна таянуу менен тынчтык үчүн тоскоолдуктарды жеңүүдө кыраакылыкка жана саясий эркке ээ болуусу үчүн алардын да үнү угула турган мезгил келди деп эсептешет. Ошол эле учурда алар "Кудайдын атынан" жасалган кыянатчыл иштерди бир жолу жана түбөлүккө айыптамайынча тынчтык үчүн аракеттер экстремисттер тарабынан бүлгүнгө учуратыларын да билишет.

Айтор имамдар менен раввиндердин ээн-эркин пикир алышусуна жол ачуу үчүн 17-декабрга чейин улануучу конгресстин жумушчу сессиялары жабык өткөрүлөт. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү анын ачылыш салтанатына гана койо берилди. Конгресстин соңунан басма сөз жыйыны уюштурулмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG