Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Оппозиция лидерлери АКШда маанилүү жолугушууларды өткөрөт


АКШда сапарда жүргөн кыргыз оппозиция лидерлери Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Кубатбек Байболов жана башкалар бүгүн Кошмо Штаттардын Адам укуктары, Борбордук жана Түштүк Азия департаментинин жетекчилиги менен жолугушат жана анда Кыргызстандагы демократия, адам укуктарынын абалы, оппозиция иштеп чыккан концепция жөнүндө сөз болору белгиленүүдө. Андан сырткары кыргыз саясатчылар АКШнын Демократиялык институтунун жетекчилиги менен жолугушат. 17-декабрда оппозиция лидери Өмүрбек Текебаев Колумбия университетинде Кыргызстанды өнүктүрүү жана бийлик концепциясы тууралуу студенттерге маалымат берет. 15-декабрда Текебаев, Аликбек Жекшенкулов жана Равшан Жээнбеков АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт менен да жолугушту. Кыргыз оппозиционерлеринин сапары 19-декабрда Нью-Йоркто кыргыз диаспорасы менен жолугушуу менен соңуна чыгат. Бул тууралуу АКШдан Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG