Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

НАТО үчүн Пакистандан Ооганстанга жүк ташуу кыйындоодо


Пакистандын түндүк-батышында жүк ташуучу унаалардын айдоочулары НАТО жана АКШнын күчтөрү үчүн маанилүү жүктөрдү Ооганстанга жеткирүүдөн баш тартышууда. Хайбер транспорт бирикмесинин жетекчиси Шакирулла Афрадинин айтымында, буга аймактагы коопсуздук шарттарынын начарлашы себеп болду. Ооганстандагы эл аралык аскер күчтөрү үчүн жүктөрдүн 75 пайызы Пакистандын аймагы аркылуу өтөт. НАТОнун Ооганстандагы жетекчилиги азырынча бул тууралуу билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG