Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Мусулмандар союзу 24-декабрда нааразылык акциясын өткөрүүгө камданууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Мусулмандар союзунун жана “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Анын айтымында, жер-жерлерден адамдар телефон чалышып, бийликке нааразылыгын билдирүүнү талап кылып жатышат. Ошон үчүн азыр Бишкектен 12-15 миң адам бата турган жай издеп, 24-декабрда жыйын куруу үчүн бийликтин уруксаатын алууга аракет кылып жатышат.Экс-Акыйкатчы андан тышкары тынч жүрүш, митингдерди өткөрүүгө тыюу салган мыйзам Баш мыйзамга карама-каршы келет деген доо арызын Конституциялык сотко 4-сентябрда бергендигин жана ал жакын арада каралаарын билдирди.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG