Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Кыргызстанда Санта Клаустардын фестивалы өтөт


Туризм боюнча мамлекеттик агенттик үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында журналисттерди пресс-турга чакырууда. Алар Ош областынын Кара-Кулжа районуна барышып, жомоктогу каарман Санта Клаус менен жолугуп, аны кезектеги дүйнө боюнча саякатына узатышмакчы. Агенттиктин жетекчилиги белгилегендей, бул Санта Клаусту узатуу акциясы Кыргызстандагы экинчи эл аралык Санта Клаустардын фестивалынын башталышы болмокчу. Кыргызстанды Санта Клаустун мекени катары атоо идеясына шведдик SWECO компаниясынын былтыр жырялаган изилдөөсү түрткү болгон. Анда Санта Клаус саякатын Кыргызстандан баштаса гана дүйнөдөгү бардык балдарды куттуктап жетише алаары айтылган. Ушундан улам былтыр Кыргызстанда Санта Клаустардын биринчи эл аралык фестивалы өткөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG