Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:15

Башкы прокуратура: “Жашылдар” партиясынын кеңсеси тинтилген эмес


Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы таратты. Анда Бишкек шаардык прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери партиянын кеңсесин тинтти деген маалымат чындыкка коошпойт, себеби алар Кылмыш-Жаза кодексинин бир нече беренелерине ылайык партиянын кеңсеси жайгашкан жайды көрүп гана чыгышкан жана ага прокурордун уруксаатынын зарылдыгы жок дешип, партия төрагасынын дооматы болсо тартип коргоо органдарына кайрылууга укуктуу экендигин эске салынган. Андан тышкары кеңсе тинтилди деп маалымат тараткан маалымат каражаты да мыйзамдык негизде жоопкерчиликке тартылаарын эскертишкен. Ал эми “Жашылдар” партиясы менен Элдик революциялык кыймылдын өкүлдөрү 13-декабрда кеңседе тинтүү болгондугун кабарлашкан.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG