Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Аялдардын талкуу клубу: ММК системасында кризис


Мындай бүтүм Аялдардын талкуу клубу уюштурган:”Жарандардын так маалымат алуу укугу.Коммерция жана ММК” деген тегерек үстөл талкуусунда айтылды. Клубдун өкүлдөрү Кыргызстанда басма сөз эркиндиги менен демократиялык көрүнүштөргө басымдын күчөшүнө тынчсыздангандыгын билдирип, ММК тармагында болуп жаткан көйгөйлөргө бийликтин көз жумду мамилеси жаман кесепеттерге алып барат деп белгилешти. Ага “Азаттык”, Би-Би-Си радиолорунун уктурууларынын жабылышы, жаңы жылдан тарта “Пирамида” радиосунун ишин токтотушу, ”Вечерний Бишкек” гезитинин жергиликтүү бөлүмдөрүн кыскартышы жана 20 күндөн бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан УТРКнын журналисттеринин талабынын элге жеткирилбей жаткандыгы далил дешип, аны бийлик унчукпоого буйрук берди деп баалашты.(BD)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG