Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:53

А.Эркебаев: “Ч.Айтматовдун кадырына тете иш болгон жок”


Экс-спикер, академик Абдыганы Эркебаев мындай пикирин Кыргыз-Түрк Манас университетинде Чынгыз Айтматовдун 80 жылдыгына арналган жыйында билдирди. Анын айтымында, бийлик Чынгыз Айтматовдун сөөгүн жерге берүү каадасынан баштап, Айтматов жылы аталган быйылкы милдеттердин алкагында 80 жылдык мааракесин белгилөө иш-чараларына чейин улуу жазуучунун барк-беделине жараша аракет кылган жок. Ага акыркы сапарга узатуу жана 80 жылдык мааракесине чет өлкөлөрдүн башчыларынын, жазуучуларынын жана дипломаттарынын чакырылбаганы жакшы далил. Андан тышкары анын ысмы мамлекеттик, коомдук ишмер катары татыктуу жайларга берилбей, атын түбөлүк калтырууга чындап аракет көрүлгөн жок. (BD)

XS
SM
MD
LG