Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Дүйнөнүн ири банктары алдамчылыктын курмандыгы болушу мүмкүн


Маалыматтарга караганда, Британиянын, Франциянын, Жапониянын ири банктары жүз миллиондогон, балким миллиарддаган долларын жоготуусу мүмкүн. Алар америкалык Бернард Мэдофф ысымдуу белгилүү финансисттин алдамчылык иш-аракетинин курмандыгы болуп калдык деп чоочулашууда. 70-жаштагы Мэдофф өткөн аптада камакка алынган. Ал 50 миллиард долларга жеткен акча менен мыйзамсыз операцияларды жүргүзгөнү үчүн айыпталууда. Мэдофф түзгөн каржы империясы дүйнөлүк каржы кризисинен улам кыйраган. Маалыматтарга караганда, Медоффтун империясына инвестиция салуу менен акчасынан кол жуугандар арасында жеке бай адамдар менен жылдыздар да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG