Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Сөз эркиндигинин буулушу эмнеге алып келет?


Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланышкан соңку жагдай тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешова жооп берди.

- Айрым байкоочулар өлкөдө сөз эркиндиги акыркы жылда өтө катуу тушоого кабылганын айтышууда. Буга мисал катары бир катар эркин гезиттердин жабылышы, айрым журналисттердин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушу, ошол эле учурда “Азаттык” менен Би-Би-Си үналгыларынын дагы обого чыкпай жаткандыгы айтылып атат. Сөз эркиндигинин минтип буулушу эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Биринчиден, азыркы эркин гезиттердин жабылышы, “Азаттыктын” УТРК менен болгон келишими токтотулушу жана Би-Би-Синин эфирге чыкпай калышы албетте сөз эркиндигин аябай чоң коркунучка коюп жатат. Эгер 2005-жылдагы окуяны алсак, бул революция албетте “Азаттыктын” күчү менен жасалган деп ойлойм. “Азаттык” баардык маалыматты, чындыкты элге жеткирип отуруп, революцияга алып келген. Менин оюмча, эгер сөз эркиндигин азыр бош койгондо, ал дагы кайра эле ошондой нерселерге алып келе турган акыбалга жетип турат. Анан албетте бийлик өзүн өзү сакташ үчүн эркин маалымат каражаттарын ооздукташ керек. Антпесе өз максаттарына жетүүсү абдан кыйын болот.

- Бирок ошол эле учурда маалыматсыз адамды ар кандай курал катары пайдалануу оңой деген да сөздөр бар.

- Албетте, маалыматсыз адамды курал катары колдонуу абдан оңой. Бийликтин бул эң негизги максаты болсо керек. Анткени баарын көрүп-билип, түшүнүп турган элди башкарыш абдан кыйын. Ал эми маалыматы жок элди башкарыш оңой болот.

- Октябрь айынан тартып УТРК аркылуу, анын толкундары аркылуу угармандарга жетпей жаткан “Азаттык” үналгысынын Прагадагы жетекчилигинин өкүлдөрү келип, кечээ УТРКнын, бийликтин өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр негизинен түшүнүшүү жолу менен өттү, “Азаттык” кайрадан обого чыга баштайт деп айтылганы менен жолугушуудан кийин УТРКнын жетекчиси Мелис Эшимкановдун маселе аягына чейин чечилген жок, эшик ачык калды деп айткан сөзү угармандарды кайрадан түпөйүл кылып атат. Сиз кандай ойлойсуз, дегеле эркин үналгыларды, дегеле сөз эркиндигин бош кое берүүгө азыркы бийликтин саясий эрки жетеби?

- Сөз эркиндигин бош кое берүүгө азыркы бийликтин эрки жетпейт. Дайыма көзөмөлдөп турууга аракет кылат. Болбосо кырдаал курчуп кетет алар тарапка. Келишимди кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү менен бул көз боемочулук деп ойлойм. УТРК “Азаттык” менен келишимин улантып, кайрадан обого чыгара баштабайт. Ал эми акча төлөнбөй калды деген бул жөн гана шылтоолор.

- Мери айым, Анжиян окуясы менен өзбек бийлиги бир катар эл аралык маалымат каражаттарына өлкөдө ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салып, бир нече журналисттерге “эл душманы” деген жарлык менен куугунтук салган. Азербайжан бийлиги болсо жаңы жылдан тартып эл аралык үналгылар жергиликтүү ободон чыкпайт деген мыйзам кабыл алды. Сөз эркиндигинин абалы жалпы КМШ мамлекеттеринде оор болуп атат, мунун артында жалпы бир саясат жатышы мүмкүнбү, мына Кыргызстанда дагы бууп жатпайбы?

- Андай абалга Кыргызстандын жетиши кыйын. Анткени Кыргызстанда демократия анча-мынча болсо дагы өнүккөн. Ошондой деңгээлге жетип кетишине биздин учурдагы оппозиция, учурдагы интеллигенция жол бербесе керек. Биз баарыбир күрөшө беребиз аягына чейин.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG