Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Каржы пирамидасынын кайырмагына илинген банктар чыгымын эсептеп жатат


Дүйнөнүн жыл ичи каржылык капсалаңды баштан кечирген ири банктар эми дагы бир инвестициясынан тарткан чыгымды эсептешүүдө. Соңку окуя АКШдагы белгилүү финансист Бернард Мэдоффтун каржы пирамидасы менен байланыштуу.

Алдамчылыгы үчүн айыпталып жаткан финансисттен жапа чеккендер арасында ири банктардан тышкары кайрымдуулук уюмдары, таанымал жана бай адамдар да бар.

1990-жылдардын башында капитализмге жаңыдан кадам койгон Орусия жана башка постсоветтик өлкөлөрдө кездешкендей каржы пирамидасы атүгүл АКШнын каржы системасынын жүрөк толтосунда орун алганы азыр анык болуп олтурат. Ал пирамиданы жараткан, жашы жетимишке караган Бернард Мэдофф кезинде АКШнын Nasdaq фондулук биржасына төрагалык кылган, кийинки кездери Уолл-Стритте брокердик компанияны башкарчу, биржада соода кылуунун 50 жылдык тажрыйбасына ээ эле.

11-декабрда камакка алынган кезинде ал тергөөчүлөрдүн айтымында, өзүнүн каржылык операцияларын "чоң алдоо" деп мүнөздөгөн. Ал ары-бери чайкаган акчанын көлөмү, маалыматтарга караганда, 50 миллиард долларга жетет. Бир учурда Бернард Мэдофф каржы базарындагы азыркы эрежелердин шартында мыйзамды аттап кетүү дээрлик мүмкүн эмес экендигин айткан экен:

- Жөнгө салуунун бүгүнкү шартында эрежени бузуу иш жүзүндө мүмкүн эмес. Бул - чынында коомчулук түшүнбөгөн нерсе. Эгер сиз гезиттен ушундай нерсени окусаңыз, же кимдир бирөө эрежени бузганын көрсөңүз, алар муну ар убак жасайт деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ал эреже бузуу узак убакытка чейин байкалбай калуусу мүмкүн эмес.

Инвесторлорго салган акчасы үчүн үстөк пайызды башкалардан жогору өлчөмдө сунуш кылуу - каржы пирамидаларындагы алдоонун классикалык үлгүсү. Бирок үстөк пайыз түшкөн кирешеден эмес, улам жаңы келген инвесторлордун эсебинен төлөнүп берилет. Башкача айтканда, биринин шапкеси экинчисине кийгизилет. Бернард Мэдоффтун пирамидасы деле ушундай ыкма мнен иштеген. Инвесторлордун баары бир учурда акчасын артка алууну көздөп, буга каржы кризиси кошул-ташыл болгондо пирамида кыйрап калып олтурат.

Бирок постсоветтик өлкөлөрдөгү пирамидалардан айрымасы Мэдофф өзүнө карапайым адамдарды эмес, көбүнесе бай кардаларды, адистердин тили менен айтканда институционалдык инвесторлорду, же банктарды тарта алган. Маселен ага алдангандар арасында Британиянын HSBC, Испаниянын Satander, Франциянын BNP Pasribas, Жапониянын Nomura өңдүү ири банктары бар. Алар жүз миллиондогон долларын жоготкону анык болууда. Мындан сырткары Мэдоффтун кайырмагына Голливуддун жылдыздары, кайрымдуулук уюмдары да илинген.

Айтор, инвесторлор чыгымдарын эсептеп жаткан кезде, каржы базарын жөнгө салуучу мамлекеттик мекеме кайда караган, эмне үчүн каржы махинациясын алдын ала алган эмес деген маселе көтөрүлүүдө. АКШда ал мекеме - Баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссия деп аталат. Аталган мекеменин дарегине сын-пикирлер быйыл күздө инвестициялык банктар кыйраганда эле айтыла баштаган. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин укук мектебинин профессору Жон Коффи азыркы окуя үчүн жөнгө салуучу мекемелер жооп бериш керек деп эсептейт:

- Биз балким Уолл Стритти көбүрөөк полицей кайтаруусуна муктажбыз же жакшыраак курал менен жабдылуубуз керектир. Бирок сиз чыгымыңыздын ордун толтура аларыңызды мен элестете албай турам.

Башкалар болсо азыркы окуядан алынуучу сабак – сактык экенин, башкача айтканда акчасын бир жакка жумшоодо адамдар өздөрү этият болуш керектигин белгилешүүдө.

Ал эми АКШнын тарыхындагы эң ири алдамчылыкка барды делип жаткан Бернард Мэдофф эгер сотто айыптуу деп табылса, 20 жылга чейин түрмөгө кесилүүсү мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG