Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

2001-жылы декабрда Германиянын Бонн шаарында көрүнүктүү оогандардын төрт тобу Хамид Карзай башындагы убактылуу өкмөт түздү. Өз ара макулдашууга жараша, Убактылуу өкмөт жарым жылдан соң Өткөөл өкмөт менен алмашты, эки жылдан соң Хамид Карзай президент шайланды.

Улуттар Уюмунун жетеги астында өткөн бул сүйлөшүүдө БУУнун башкатчысынын атайын чабарманы Лахдар Брахими башкы ролду ойноду. Брахими «Азаттыкка» берген маегинде Бонн келишиминин кемчиликтерине жана НАТОнун ролуна токтолду.

Талиптерден соңку Ооганстандын түзүлүшүн аныктаган Бонн сүйлөшүүсүндө ага катышкан төрт топту тил табыштырган адам - БУУнун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими болгон.

Сүйлөшүүгө Кабылды ээлеп турган Түндүк Альянсы, сүргүндөгү Ооганстандын мурдакы падышасы Закир Шахтын өкүлдөрү, пуштундардын Пешавар тобу жана анча таасирсиз Кипр тобу катышкан.

«Талиптерди чакырсак да, алар Боннго келе алышмак эмес. Америкалыктар аларды жолотмок да эмес. Менин оюмча, Түштүктүн атынан келген сүргүндөгү топтор Түштүктүн нукура өкүлдөрү эмес эле», дейт Брахими «Азаттыкка» берген маегинде.

Ошондо талиптерди Кабылга чакырсак, алар өлкөнү башкарууга катышмак, деп боолгойт карыя дипломат:

- Ал кезде талиптердин ындыны өчүп, бар жокко чачылып кеткен эле. Биз аларды чакырсак, алар сүйүнмөк жана көбү саясый жараянга кошулумак деп ойлойм. Биз аларды чакырбай - чоң жаңылдык.

Брахими талиптерди саясый жараянга тартууга Түндүк Альянсы жана эларалык коомчулук да кашайып каршы болгонун айтат:

- Талиптерди бөлүүгө четэлдиктердин демейдеги керкейүүсү жана талиптердин душманы - Түндүк Альянсы себеп болду. Альянс талиптердин кыйратылганына сүйүнүп, четэлдиктер келип, бизге бийликти алып берет деп жаткан. Алар бийликти эч ким менен бөлүшүүнү каалабады. Менимче, ирандыктар, орустар, индустар жана америкалыктар - баары: «талиптердин калдыктарыбы? Алардан эмне коркосуңар? Алардын күнү бүттү, эч качан кайра келбейт», деп айтып жатышкан.

НАТО Ооганстанда өз вазийпасын аткара алган жок, деп эсептейт Лахдор Брахими:

- Түз жана жумшак айтканда, НАТО Ооганстандан тажады. НАТОго мүчө өлкөлөр өз ара жакшы иштеше албады. Ар бир өлкө өз саясатын жүргүзүүдө. Ар бир өлкө өз шарты менен келген. Алар: «Муну биз жасай алабыз. Буга макул боло албайбыз», дешет. НАТОнун бечара Башкатчысына ар дайым: «Жок, жок, бул иш мен үчүн эмес», деп турган адамдар бар.

Брахими терроризмге каршы согуш да максатына жетпеди деген ишенимде:

- Террорчулукка каршы согуш Ооганстанга эч кандай таасир эте албаганы акылга сыйбайт. Эгер Ооган элине, өлкөнү кайра курууга жардамдашсаңар, эларалык терроризм Ооганстандан бир түндө жок болот. Ансыз, силер террорчу деп атаган адамдар жана бейкүнөө жарандар өлөт деп чочуйм. А Батыш эларалык террорчуларга жаңы адамдарды тартууга жардамдашат.

Брахиминин айтымында, эларалык коомчулук эң алды ооган элинин муктаждыгын жеңилдетүүгө жардамдашуусу зарыл. «Бул башкы маселе. Башкы маселе Осама бин Ладенди кармоо эмес», дейт Лахдор Брахими.
XS
SM
MD
LG