Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Түрк интеллигенция өкүлдөрүнүн билдирүүсү кызуу талкуу жаратты


Түркияда айрым интеллигенция өкүлдөрү Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын массалык кыргынга учурашына алып барган окуялардын так иликтенип чыгышына жардамдашуу үчүн жаңы демилге башташты.

Дүйшөмбү күнү түркиялык академиктер, жазуучу жана журналисттерден турган 200 киши интернет аркылуу 1915-жылы болгон окуялар үчүн армяндардан кечирим сурашты. Бирок бул демилге өлкө ичинде кескин сынга алынды.

Биринчи дүйнөлүк согушу учурунда болгон окуяларды армяндар ‘геноцид’ деп атап келишсе, Түркия оор согуш шарттарында, коопсуздукка тийешелүү жүйөлөр менен армяндарды империянын башка аймактарына көчүрүү аракетинин жүрүшүндө кээде согушкерлердин колунан, көпчүлүк учурларда ачарчылык, эпидемия өңдүү шарттардан улам 300 миңдей армян кырылганын, ошону менен бирге 500 миңден ашык түрк дагы ошол окуялардын алкагында кырылып жок болгонун далилдеп келүүдө.

Дүйшөмбү күнү интернет мейкиндигинде башталган түрк интеллигенция өкүлдөрүнүн петициясы, “Кечирим сурайм” деп аталып, анда “Мен 1915-жылы Осмон султандыгында жашаган армяндар башынан кечирген Зор алааматты танганга жана аны көңүлкош көрсөткөнгө макул боло албайм. Мындай адилетсиздикке кошулбайм. Мен армян боордошторумдун кайгысын сезип тең бөлүшөм. Алардан кечирим сурайм” деп айтылат жана элдин бул кечирим суроо өнөктүгүнө кошулуусу талап кылынат.

Демилгени көтөргөндөр петицияда ‘геноцид’ деген сөздү такыр колдонушпаганына карабастан, айрым саясатчылар, илимпоздор жана дипломаттар аны өлкөгө каршы жасалган чоң кыянат катары сынга алышууда.

Маселен, улутчул маанайдагы МХПнын лидери Дениз Бахчели демилгеге каршы жарыялаган билдирүүсүндө, “Түркия бир чети терең стратегиялык маселелер менен алпурушуп жаткан кезде, өздөрүн интеллигенция деп атап алган айрым кишилердин армяндардан кечирим суроо өнөктүгүн баштоосу өлкөдө чиригендиктин жана надандыктын кайсы чектерге барып жеткенин даңазалап отурат” деп баяндап, “Түркияга каршы койгон дооматтарын көшөрүү менен улантып жаткан Арменияга чек араларды ачууну оозго алган жана бул өлкө менен дипломатиялык алака түзүүнү көздөгөн “АК” партиянын тартынчаак туруму ата-бабаларыбыздын жоопко тартылуусу тууралуу сырткы күчтөргө жана алардын малайларына шыкак берүүдө” деди.

“1915-жылы болгон окуялар иш жүзүндө Осмон империясынын армяндардын коопсуздугун кепилдикке алыш үчүн аларды согуш майданынан алысташтыруу операциясы болуп эсептелет” деген Анкара университетинин окутуучусу Чагры Эрхан мырзанын пикиринде, АКШ жана Францияда жашаган армян диаспорасынын өндүрүмүнөн чыккан ‘геноцид’ дооматын экономикалык кризистен эң чоң запкы жеген өлкөлөрдүн бири саналган Армения Түркиядан жардам суранып жаткан бир кезде, айрым түрк интелигенция өкүлдөрүнүн Армениядан кечирим сурап жатышы тан калычтуу окуя.

Ушул арада, катарында мурдагы ардагер баш элчилер Шүкрү Элекдаг, Онур Өймендер болгон бир топ дипломат кечирим суроо өнөктүгүнө каршы билдирүү жарыялашты. 50 чактуу экс дипломат кол койгон билдирүүдө, кечирим суроо өнөктүгү “адилетсиз, туура эмес жана Түркиянын улуттук таламдары жаатынан алып караганда тобекелдүү демилге” экени ырасталып, бул жараян жүрүп олтуруп армяндардын Түркиядан жер талап кылуусуна алып бара турганы айтылат.
XS
SM
MD
LG