Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Өкмөт башчы парламентте кышка даярдык маселеси боюнча маалымат берүүдө


Игорь Чудинов жаңы жылга чейин газ маселесинде проблема болбостугун, келерки жылда Өзбекстандан газ сатып алуу багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле Токтогул ГЭСинде суунун азайгандыгынан токтоп калуу коркунучу жоктугун, ТЭЦти үзгүлтүксүз иштетүүгө мазут менен камсыз кылынарын, жер-жердерге таш көмүрлөр жеткирилип жатканын маалымдады. Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынан депутат И.Жунусов айрым министрлер мыйзам долбоорун өткөрүүдө парламентке басып келбей, тойлордон калбай барып жүрүшкөнүн, аларга чара көрүү керектигин айтты. Жунусов Кыргызстан тарап Казакстанга электр кубатын сентябрь айынын ортосуна чейин сатканга нааразы болду. (AJ)

XS
SM
MD
LG