Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Премьер-министр 1-майга чейин электрге баа көтөрүлбөстүгүн ынандырды


Игорь Чудинов парламенттеги үч фракциянын отурумунда 2009-жылдын 1-майына чейин электр кубаттуулугуна тарифтерди көтөрүү маселеси каралбастыгын билдирди. Өкмөт башчынын маалыматына караганда, электр кубаттуулугуна тариф орточо 72 тыйынды түзөт. Ал эми өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары мининстри Ильяс Давыдов электр кубаттуулугуна бааларды карап чыгуу зарылдыгы келип чыкканын айтты. Давыдов буга чейин СДП фракциясынын кеңешмесинде келерки жылдын 1-апрелинен баштап жылуулук менен камсыз кылуу жана ысык сууга баалар көтөрүлөөрү мүмкүн экендигин айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG