Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

Саясий баяндамачылар кара майга өзгөчө кызыгышат. Анткени, эгер мунай демократиялык өлкөдө табылса, ал өлкө байып, демократиялуу бойдон калат, ал авторитардык өлкөдө табылса да, өлкө байып, авторитардык бойдон кала берет. Эмне үчүн мунайдан түшкөн киреше демократияга кепил боло албайт? Мунун жообу "кара май каргышында" жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" баяндамачысы Чарльз Рекнагелдин "Мунай жана Демократия" түрмөгүндө сөз болот.

Эгер сиз "кара май каргышына" ишенбесеңиз, дүйнөдөгү эң ири мунай өндүрүүчү 10 өлкөнү карап көрүңүз. Алардын ичинен Норвегия менен Мексиканы гана демократиялуу деп атай алабыз. Аларда демократия салты мунай табылганга чейин эле болгон. Ал эми калгандары, анын ичинде Орусия, Иран, Перси булуңунун башка өлкөлөрү өз аймагында ири мунай кендери табылганда эле авторитардык өлкөлөр болчу, бүгүн да демократияда алгалап кетишкен жок.

Эмне үчүн авторитардык өлкөлөрдө мунай табылганда эркиндик бекемделбейт? Кантсе да өлкө байыганда, эл да байып, жаңы көз карандысыз ишкер элитасы пайда болот, алар бийликке умтулуп, демократиянын куралына айланат, кеминде ушундай болуш керек деп ойлойбуз.

Бирок эмне үчүндүр мындай болбойт. Мунун себебин изилдеген Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин профессору Майкл Росско сөз берсек:

- Акыркы 50 жылдын ары-берисиндеги бул өкмөттөрдүн иш-аракетин статистикалык жактан анализдеп отуруп, мунайдан же башка минералдык байлыктардан акча тапканда, демократиялуу эмес өкмөттөр узагыраак бийликте калаарына көзүм жетти. Анткени алар калкка көп жеңилдиктерди бере алат, салык аз болот. Ал эми эл өкмөттөн көп жеңилдик алса, анын ордуна дээрлик салык төлөбөсө, карапайым эл да өз жетекчилеринен азыраак жооп сурайт.

Мунайга бай, бирок эркин эмес өлкөдө жашагандар Росс сүрөттөгөн кырдаалды жакшы билет. Ак-сөөк падышачыл үй-бүлө, же олигархтардын чакан тобу үстөмдүк кылган өкмөт адатта өлкөнүн мунайынан түшкөн бардык байлыкты өз көзөмөлүндө кармайт. Түшкөн киреше анан өкмөттүн колдоочуларынын чектелүү тобу арасында бөлүштүрүлөт. Мында чоң акча тууралуу сөз болуп жаткандыктан, өлкөнүн ишкерлери көбүнесе бийлик чөйрөсүнө жакындап, ошол байлыктын бир үлүшүн алып калуу менен алектенип калат.

Мунайдан түшкөн байлык ошондой эле автократиялык режимдерге өз бийлигине олуттуу оппозицияны бир жаңсыл кылуучу кубаттуу коопсуздук структурасын кармоого мүмкүндүк берет.

Ал эми өкмөттүн эл алдындагы отчеттуулугу канчалык төмөн болсо, мунай байлыгы кандайча бөлүштүрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат да ошончолук аз болот.

Бул тууралуу түркмөнстандык активист Гурбангдурды Дурдыкулиев мындай дейт:

- Мунай-газга байланыштуу ачыктык болушу керек. Баасы канча, бизге канча акча түшөт, канчасы киреше, аны биз кантип сарптап атабыз? Бул тууралуу бизде эч кандай маалымат жок. Башка кирешелер боюнча да отчеттуулук болушу керек. Эгер биздин экономикалык өсүшүбүз чынында эле, өкмөт ырастагандай, жылыга 22 пайыз болсо, анда бизде Кувейттегидей кой үстүндө торгой жумурткалаган турмуш болуш керек эмес беле.

Түркмөнстанда мунайдан түшкөн киреше өтө таасирлүү күчтөрдүн арасында жең ичинен бөлүштүрүлөт. Ал эми парламент сарптоо чечимдерине дээрлик эч кандай таасир эте албайт. Кувейтте мунайдан түшкөн акча карапайым элге көбүрөөк бөлүштүрүлөт. Башка коңшу өлкөлөрүнө караганда мында парламенттин таасири да күчтүүрөөк.

Авторитардык өлкөлөрдүн мунай байлыгы алардын жарды коңшуларынын ичин күйгүзөөрү чын, бирок демократияны эңсегендер мунай жолду гана узартаарын билишет. Кайрадан калифорниялык окумуштууга сөз берсек:

- Түркмөнстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө мунай-газдан эбегейсиз байлык түшүп жатат. Мындай кирешеси бар өлкөдө жарандык коом өсүп-өнүп, өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын коргогон ар кыл көз карандысыз уюмдар болушу керек деп ойлойбуз. Бирок бул өлкөлөрдө өкмөт баарын көзөмөлдөп, экономиканы да былк эттирбей кармап турат.

Демек кара майдын каргышынан кутулуу мүмкүн эмес экен да? Бул суроого бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Кара майдын каргышынан өлкөлөр кантип кутула алышаары тууралуу "Мунай жана Деморкатия" түрмөгүбүздүн экинчи жана үчүнчү бөлүмдөрүндө сөз болмокчу.

XS
SM
MD
LG