Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Жалал-Абат облусунда кутурмадан бир өспүрүм ажал тапты


Ноокен районундагы Шайдан айлынын 12 жашар тургуну кутурма оорусунан дүйнөдөн кайтты. Жергиликтүү дарыгерлер аны сентябрь айында дейди ит каап алгандыгын, бала убагында медициналык жардам алуу үчүн доктурларга кайрылбагандыгын билдиришти. Айылдын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу кутурманын алдын алуу максатында 657 кишини текшерүүдөн өткөрүштү. Кыштак тургундары менен жугуштуу оорулардан этият болуу үчүн аңгемелешүү болду. Мал доктурлар тарабынан айылдагы бодо мал менен кой-эчки жана ит-мышыктарга эмдөө жасалды. Жыл башынан бери буга дейре облустун эки тургуну, Базар-Коргон районунда бир кемпир менен бир мектеп окуучусу кутурма дартынан көз жумушкан болчу. (YA)

XS
SM
MD
LG