Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:24

Таласта ээлери кайтыш болгон же жок тамдарга энергетика боюнча карыздар жазылган


Мындай фактылар 2 миллиондон ашык элдин мойнуна жазылган карызды Талас районунун айрым тургундары өздөрү иликтөө жүргүзүп көрүшкөндө аныкталган. Бул көйгөйлөрдү кечээ райондук администрация тарабынан өткөрүлгөн курултайда элдер кыйкырык менен бийлик башчыларына айтышты. “Түндүк электр” ишканасынын райондук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары мындай фактылардын үстүндө иш алып бараарын айтты. Мындан тышкары электр кубаттуулугун пайдаланууда майып адамдарга жеңилдиктер берилгенине карабастан алардан тегиз акча алынып жатканы тууралуу жергиликтүү тургун Бурхан Эркинбеков нааразылык менен кайрылды. Жыйындын соңунда Талас районунун акиминин орун басары Байрак Райканов 2009-жылдын январь айынан тартып электр кубаты күндүз өчпөй турганын элге жарыялады. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG