Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Кытайлык жаранды аткан адамдар кармалды


Мындай маалыматты Нарын облустук ички иштер башкармасынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Турсунбек Талипов тастыктады. Учурда Нарын районунун Оттук айылынын 1983-жылы жана 1985-жылы туулган эки тургуну Нарын шаарындагы тергөө абагында кармалууда. Алар кылган кылмыштарын мойундарына алышкан жана алардан 16, 32-калибирлүү мылтыктар алынган. Быйылкы жылдын 21-ноябрында Торугарт-Бишкек жолундагы Долон ашуусунда кытайлык оор жүк тарткан автоунаанын айдоочусу белгисиз себептер менен автоунаанын ичинен каза болгон. «Иликтөөдөн соң анын баш сөөгүнөн жана мээсинен сегиз чачма ок табылган. Кылмыштын бетин ачууга ички иштер кызматынын алты автоунаасы, отузга жакын кызматкерлер тартылды»,-дейт Турсунбек Талипов. (KUs)

XS
SM
MD
LG