Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

Орусияда финансылык кризистен улам, өкмөт мигранттардын квотасын кыскартып жаткандыгын жарыялады. Мунун кесепетинен миңдеген киши ишсиз, кароосуз калышууда. Алардын бир бөлүгү мекениен кайтса, айрымдары кала берип, жек көрүүчүлүктөн жапа тартышаары анык, ал эми канчасы тапкан-ташыганын аткезчилерге алдырып, өздөрү да кылмыштуу чөйрөгө тартылышы ажеп эмес.

Mигранттардын абалы көп жерлерде кыйындады. Кытайда канча жылдан бери жарды айылдардан кытайлар өлкөнүн мухит жээгинде дүркүрөп өсүп жаткан метрополияларга агылып келчү. Бирок глобалдык финансылык кризистен улам, алар иштеген фабрикалардан чыккан товарларга талап азайып кетти. Натыйжада быйыл он миңдеген фабрикалар жабылды, жабылып да жатат. Жыл соңуна чейин миллиондогон ишсиз кытайлар шаарлардан жакырчылыктын сазына баткан айылдарына кайтышаары болжолдонууда.

Перси булуңундагы мунайга бай араб өлкөлөрүндө да миллиондогон мигранттар Индия, Пакистан, Шри Ланка өндөнгөн көбүнесе азиялык өлкөлөрдөн келишкен. Экономикалык төмөндөөдөн улам, кара майга талап азайып, баасы түшүп кеткендиктен, перси булуңундагы Кызматташттык кеңешине кирген Саударабстан, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Бахрейн, Катар жана Оман өлкөлөрүндө экономикалык өсүш кескин төмөндөдү. Аналисчилер алдыдагы айларда бул өлкөлөрдөгү 13 миллион мигранттын жарымы ишсиз калышы мүмкүн экендигин айтышууда.

Европада да кырдаал кыйын. Испанияга 1994-2007-жылдары экономика өсүп жатканда миллиондогон чет элдик жумушчулар келишкен. Булардын 4 жарым миллион чактысы Латын Америкасынан, Түндүк Африкадан же Чыгыш Европадан. Көбү курулуш тармагында болчу. Быйылкы кризис дал ушул тармакка айрыкча оор сокку урду. Натыйжада биринчи кезекте мигранттар ишсиз калышууда. Сентябр айында испан өкмөтү өзүнүн жергиликтүү жумушчуларын коргоонун зарылчылыгын бетке кармап, чет элдик жумурчулардын санын чектей тургандыгын жарыялады.

Ал эми Орусияда өкмөт башчысы Владимир Путин ушул айда бөтөн элдерден келген жумушчуларга бөлүнгөн квотаны кыскартуу тууралуу жардыкка кол койду. Бир эле мезгилде Путиндин Бириккен Россия партиясынын жаштар канаты болгон Жаш Гвардия уюму чет элдик жумушчулар иштеген иштерди орустарга алып берүү өнөктүгүн башташты. Бул тууралуу аталган уюмдун жетекчисинин орун басары Андрей Татаринов Азаттыктын орус кызматына буларды билдирди:

- Өлкөдөгү оор финансылык абалды эске алуу менен, биз өз жумушчуларыбыздын айлыгын, алардын жумуш ордун коргошубуз керек. Мигранттарга айлык берүү менен чет өлкөлөрдүн экономикаларын көтөрмөлөгөнүбүз, акчанын чет жактарга кетишине жол бергенибиз туура эмес деп эсептейбиз. Ошондуктан биз Федералдык Миграция кызматына мигранттар көп иштеген курулуш жайларын биргелешип патролдоого жардам берүүгө даярбыз.

Башкача айтканда чет элдик жумушчулар ишсиз калып, мыйзамсыз мигранттарга айлануу коркунучуна туш келүү менен катар, жек көрүүчүлүктүн да торуна чалдыгышууда. Бул тууралуу эскертүү жасаган Эл аралык Миграция уюмунун маалымат катчысы Жан-Филип Шози барчылыкта керек болгон мигранттарды кыйын кезеңде кубалап салуу келечектүү иш эмес экендигин мындайча белгиледи:

- Эл аралык Миграция уюмунун ишениминде, Эл аралык Мигранттар күнүндө бүт дүйнөдө өлкөлөр глобалдык финансылык кризистин мезгилинде да, мигранттардын экономикалык өсүшкө кошкон жана кошо турган салымын эске алышы керек. Ошондуктан бул өлкөлөр экономикалык жайлоонун мезгилинде мигранттарга эшигин жаап албашы керек, анткени мигранттарга структуралык талап бар.

XS
SM
MD
LG