Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

ОПЕК мунай өндүрүүнү кыскартууну чечти


Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК 2009-жылдын 1-январына чейин мунайды өндүрүүнү күнүнө 2.2 миллион баррелге чейин, же 8 пайызга кыскартууну макулдашты. ОПЕК 1982-жылы түзүлгөндөн бери өндүрүштү мынчалык деңгээлге түшүрө элек болчу. ОПЕК мындай чечимди мунайга болгон баанын акыркы жарым жылда кескин арзандашынан улам Алжирде өткөн жыйында кабыл алды. ОПЕК уюмуна 13 мамлекет мүчө жана алар дүйнө боюнча өндүрүлө турган мунайдын 40 пайызын ээлешет. Июлда мунайдын бир баррели рекордук көрсөткүчтү багындырып, 147 доллар болгон. Кечээ болсо мунайдын бир баррели 43 доллар болду.

XS
SM
MD
LG