Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Жогорку окуу жайына тапшыргандар азайды


Бул тууралуу бүгүн маалымат-жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин профессионалдык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Канат Садыков билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары жогорку окуу жайларына тапшырган жаштардын саны жөнү жок өсүп кеткен. Алардын көбү жогорку билимге ээ болгону менен иш таба алышкан эмес. Мындай жагдайды жөнгө салуу үчүн өкмөт бир канча иш-чараларды жасады. Мисалы учурдун талабына ылайык, мыкты талаптанчу адистиктер иликтенип, ал адистиктерге ээ болууну каалагандар үчүн гранттар бөлүнгөн. Мындан тышкары орто кесиптик окуу жайлардын аброюн көтөрүү боюнча атайын программа иштелип чыкты. Ошондой эле Билим берүү министрлиги сырттан окуган студенттердин санын 20 пайызга кыскартуу тууралуу чечим чыгарган. К.Садыковдун айтымында, бул кадамдардын натыйжасында орто кесиптик окуу жайларга тапшырган студенттердин саны өстү. (AiJu)

XS
SM
MD
LG