Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Чүйдөгү нааразылык акциясын уюштургандар ар кандай кысымдарга туш болушууда


Бул туурасында бүгүн Москва районундагы «Болуш» ассоциациясынын жетекчиси Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» билдирди. «16-декабрь күнү нааразылык акциясына чыккандарды жергиликтүү бийлик тымызын кысымга алып, ар кандай жалаа менен сотко чакырып жатат»,- деди С. Аргынбаев. Ал эми «Ата Мекен» партиясынын өкүлү Уран Рыскулов болсо иш чаранын алдында райондук прокуратура кызматкерлери тарабынан коркутуулар болгондугун белгилейт. Бирок бейшемби күнү Беловодск айылында болгон нааразылык акциясы тынч маанайда өтүп, губернатордун орун басары Турусбек Султаналиев акциянын уюштуруучуларына эч кандай кысым жасалбайт деп «Азаттыкка» билдирген. Чүйдөгү бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 22-декабрь күнү электр энергиясына байланыштуу нааразылык акциясын ар бир район борборлорунда өткөрүүнү пландап жатышат.(JJ)

XS
SM
MD
LG