Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

К.Бакиев: "Манас" авиабазасын токтотуу тууралуу айтса болот


"Манастагы" авиабазанын ишмердигин токтотуу боюнча эми айтууга болот, деп президент Курманбек Бакиев 15-декабрда “ Эркин маалымат” (Свобдная пресса) сайтына берген интервьюсунда билдиргендигин маалымат каражаттары жазып чыгышты. К.Бакиев АКШнын авиабазасы "Манас" аба майданында орун алганына 7 жыл болгонун, Ооганстанда аскердик жүрүштөр токтотулгандыгын, ал жакка америкалыктардын келиши менен маң заттарын өндүрүү кескин өскөнүн белгилеген. Ал ошондой эле АКШнын авиабазасын кеңейтүү боюнча сөз дагы болбостугун, Ооганстанда согуштук аракеттер токтогондугуна байланыштуу авиабазанын иш аракеттерин токтотуу тууралуу маселе козгоого мезгил келгенин айткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG