Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

К.Бакиев элди декабрь жана январь айында бир аз чыдоого чакырды


15-декабрда президент Курманбек Бакиев “Свободная пресса” сайтына берген интервьюсун маалымат каражаттары басып чыгышты Анда, “Биз каалайбызбы, каалабайбызбы маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлөт. Декабрь менен январь айында аз-маз чыдап коюшубуз керек. А февраль айында жаз келип калат. Бу эки ай деген эмне? Шам чырак менен жашап, мектепте окубадык беле... Менин эсимде. Бирок 1-январдан баштап электр кубатын өчүрүү болбойт, ТЭЦке жетиштүү өлчөмдө мазут жеткирилген. Эң башкысы бүгүн суу сактагычтагы сууну сактап, ГЭСтин токтоп калуусуна жол бербешибиз керек. Жазында коңшу Фергана өрөөнүнө суу берүүгө милдеттүүбүз. Эгерде биз суу бербесек ал жакта эмне болорун элестетип көрүңүзчү? (Катастрофа) Кокустан бүлгүн болот”,-деген К.Бакиев. (AJ)

XS
SM
MD
LG