Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Жалал-Абат облусундагы өзбек коомчулугу ОшТВнын көрсөтүлбөгөнүнө тынчсызданууда


Облустагы өзбек улуттук маданий борборуна Сузак жана Жалал-Абат аймактарынын жарандары Ош сыналгысын көрүүгө тоскоолдуктар жасалып жатканына даттанышкан. Тоскоолдуктарды алар телеканал өзбек тилинде болгондугу үчүн Акаевдин доорунан бери улантылып келаткан кысым көрсөтүүлөр жана улуттук маселелер менен байланыштырышкан. Маданий борбор ОшТВнын өлкө саясатын колдоп, өкмөт менен түштүк коомчулугунун ортосунда маалымат байланышын түзгөндүгүн белгилеп, президент К.Бакиевге кайрылды. Кайрылууга борбордун төрагасы К.Батыров (экс-депутат) кол коюп, ал Кызыл-Кыя шаарына коюлган Ош телеборборунун бөлүштүргүчү ОшТВ таркаган аймактарда аталган телеканалдын көрсөтүүлөрүн өчүрүп жаткандыгын көңүл бурган. Президенттен көрүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо үчүн зарыл иш-чараларды көрүүнү өтүнгөн. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG